Айбек Ажыгулов: “Өз элиме чыккынчылык жасоодон, 300 миң долларга кол коюудан баш тарттым”

20-сентябрь күнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментиндеги улуттук оюндар дирекциясынын директору Айбек Ажыгулов кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.
Айбек мырза бул кадамын мындайча түшүндүрдү: “Түркия мамлекетинде Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча анын уюштуруучулары бизге түшүнүксүз жагдайларды жаратууда. Алсак, Көчмөндөр оюндарынын негизги өзөгү болгон көкбөрү оюну программага киргизилген эмес. Биздин кыргыздын улуттук оюндарынан жаа атуу менен алыш күрөшү гана киргизилип, программада каралган 7 оюндун бешөө кирген эмес. Ошол эле учурда казак боордоштордун көкпар оюну кирген. Сүйлөшүүлөр да эч натыйжасын бербеди. Оозеки гана “тиги кирди, бу кирди, ойной бергиле. Болбоду дегенде показательный кылабыз. Көкбөрү мелдешине алпара турган аттардын болгон чыгымын өзүңүздөр көтөргүлө” дешүүдө. Биз эсептеп көрсөк, бери дегенде 300 миң доллар болот экен. Министрлик тарабынан дирекциянын директору катары бул суммага макулдугумду берип, мен кол коюшум керек экен. Бүгүнкү учурда жадагалса контракт төлөгөн студенттер акча топтоп, Баткенге өз салымдарын кошуп атканда 300 миң долларга кол койгонго менин моралдык укугум жок. Өз элиме чыккынчылык кылган болом. Андан көрө кызматымды тапшырам. Албетте, кыргыз спортуна кан-жанымды аябайм, ушу кезге чейин болгон аракетимди кылып келдим” деди.
Кызык иш башталганы турат. Кезектеги Көчмөндөр оюндары Түркия мамлекетинде өтөт. Өтсүн, каршылык жок. Бирок, чындап эле бир топ түшүнүксүз жагдайлар көп. Казак бир боорлордун Бекболат Тлеухан деген мырзасы бар. Ачыгын айтыш керек, мына ушу жигиттин кыргыздарда мынча эмне өчү бар билбейм, “кыргыз” дегенде аллергиясы кармап кетет өңдүү. Эми бу жигиттин кылыктарын, анын биздеги Көчмөндөр оюндары боюнча бут тоскон иштерин коомчулук жакында биле баштайт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити