Ырысбек Атажанов: “Кадамжай менен Кызыл-Кыя шаарында эл жер семирткичке муктаж эмес”

-- Ырысбек мырза, ушул жылдын май айында сиз шайланган Кадамжай районунун Чечме айылында төбө чачты тик тургузган жол кырсыгы болуп, сегиз адамдын өмүрү кыйылды эле. Анын себептери иликтенип бүттүбү?
-- ӨКМдин айдоочусу билбей калган, себеби, ал жакка биринчи жолу барып жатышы экен. Бел айылынан оң жакка кайрылып кетиши керек болчу. Ал жол белгилери жоктугунан адашып, түз кетип калган. “Тормоз диски иштебей калган” деген алдын ала божомолдор бар. Бирок, чын-төгүнүн азырынча так айтуу кыйын. Мен тийешелүү жетекчилерге кат жибергем, жообу келгенде аныгын билебиз го.
-- Кадамжай–Айдаркен жолунун курулушу башталчудайбы?
-- Быйыл Кудай буюрса, башталат. Кадамжай–Дугоба–Кызыл-Булак жолу да планга кирди. Ош–Исфана жолунун жөө кишилер жүрүүчү тилкелери жасалат.
-- Жолдордун кээ бир жерлерине блокпосттордун коюлганы ар түрдүү пикирлерди пайда кылууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Бул эң туура чечим деп ойлойм. Себеби, Кадамжай районунда, Кызыл-Кыя шаарында да эл жер семирткичке муктаж эмес. Жер семирткичке кошуна Тажикстандын жарандары муктаж. Себеби, алар бир жылда үч жолудан түшүм алышат. Ошондон пайдаланып, аткезчилик менен шугулдангандар жок эмес. Блокпосттор коюлгандан кийин аткезчилик менен катуу күрөш жүрүп, контрабандисттер кармалып жатат. Биз өзүбүздүн дыйкандарды жер семирткич менен камсыздап, азык-түлүк коопсуздугубузду коргошубуз керек да.
"Азия Ньюс" гезити