Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ли Куан Ю мисалы... Садыр Жапаров үч досун камаса оңолобузбу?

Ли Куан Ю мисалы... Садыр Жапаров үч досун камаса оңолобузбу?

02-ноябрь, 00:03
605 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана “Решала” атка конгон Талант Мамытов түрдүү кызыкчылыктар менен Садыр Жапаровдун башын айлантып атышканы кызуу кепке айланды. Мамлекеттик түзүлүштү, туруктуулукту, элдин келечегин үч эргул бузуп салышпайбы? Кадр саясатына, мансап, байлык жагынан чыканактарына чейин матыра беришеби? Элдин кыжыры келүүдө. Булар эмне болгон күңүрт саясатка баратышат? Айтор, күмөн саноо жагынан олуттуу суроолор арбыды. Реформаторлук дүйнөлүк практикада уникалдуу үлгү бар. Ли Куан Ю жакын досторун камакка алган. Эрктүүлүк жана чечкиндүүлүктү көргөзгөн да. Ошондо Сингапур эли төбөсүнө көтөрүп кеткен болчу. Тазалык таризинде күрөшкөнү колдоого арзып. Натыйжада, шектүү досторунан айрылган реформатор өлкөсүн гүлдөтүп, дүйнөлүк ачылыштар астында аброй күткүн эй!


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер