Акыркы кабарлар
» Коом » Билл Гейтс адамзатка жакындаган жаңы коркунучтар жөнүндө эскертти
Билл Гейтс адамзатка жакындаган жаңы коркунучтар жөнүндө эскертти
10-февраль, 19:17


“Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Билл Гейтс келечекте адамзатка глобалдык коркунуч климаттын өзгөрүшү жана биотерроризм болот деп эсептейт. Бул тууралуу “Лента.ру” сайты жазып чыкты.
“Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү биотерроризмди “чоң коркунуч” дейт. “Бүткүл адамзатка чоң зыян келтирүүнү каалаган адам жаңы өлүм вирусун жаратышы мүмкүн” деди ал. Буга чейин Гейтс жакындап келе жаткан пандемия жөнүндө эскерткен. Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар согуш эмес, “өтө жугуштуу вирус” менен жок кылынат.











