Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаар ичинде жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталууда

Шаар ичинде жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталууда

26-июнь, 15:41
961 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарындагы микроавтобус айдоочулары өлкөдөгү пандемияга байланыштуу жол кирени убактылу 20 сомго көтөрүүнү суранышууда. Бул тууралуу «Автобус Альянс» ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.
 
Анын айтымында, учурдагы алгоритмине ылайык, салондогу кишилердин саны 70-80 пайыздан ашпашы керек.
“Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жол кире төлөө акысын убактылуу көтөрүүнү суранабыз. Себеби, учурдагы тариф чыгымдарды да актабайт. Жүргүнчүлөр орундуктарга 20 сом төлөөгө даяр. Ишканалар жабылбайт. Адамдар кандайдыр бир жол менен иштеши керек. Коомдук транспорттор жана таксилер демалыш күндөрү жүрбөйт. Жумушчулар иш ордуларына кантип барышат? Эгер жол кире көтөрүлсө айдоочулар орундуктун санынан ашык киши салышпайт. Салондогу кишилер түшсө гана башка жүргүнчүлөр алынат. Бул байланыштарды минималдаштырат”,- деди ал.
Григорий Николаиди бул сунуш эпидемиологиялык комиссияда, республикалык штабда, транспорт министрлигинде өткөн жыйындарда айтылганын кошумчалады.
 

24.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер