Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал-депутат Сүйүн Өмүрзаков позициясын курчутабы?

Генерал-депутат Сүйүн Өмүрзаков позициясын курчутабы?

06-февраль, 09:00
787 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы жылдары Сүйүн Өмүрзаков парламентте ийгиликтүү иштеп, орточул позицияны кармаганга аракет жасап, күйөрмандарынан, электоратынан колдоо ала баштаган. Дээрлик коомчулук тарабынан да ишмердиги калыс бааланганы ырас. Ал эми саясаттын жазылбаган мыйзамына келсек, башынан эле алдыга умтулгандарды артка тартуу, басынтуу боло келген да. Бул саам дагы генерал-депутаттын таасирин азайтуу, тизгиндөө жагы күчөй береби? Эгер күч органдары тарабынан Сүйүн Өмүрзаковго басым жасала берсе, кандай кадамга барышы мүмкүн? Унчукпай калабы, же конструктивдүү оппозициялык маанайга өтөбү? Көрө жаталы. Саясый күчтөр, элибиз да баам салып турган чагы.

Айтмакчы, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Сүйүн Өмүрзаков Оштун милициясын башкарып, коомдук-коопсуздук абалды бекем көзөмөлдөп, ошого  катар саясый тирешүүлөрдү да жайгарганы эсибизде. Аброю артып, көп өтпөй генерал-майор чин-даражасына жеткен. Андан соң ИИМдин 1-орун басарлыгына дайындалып, арбын жыл иштеп, тажрыйбасы артканы белгилүү. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер