Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Коомдо коркунуч жаралууда, күч органдары агрессивдүү динчилдерге өз убагында чара көрүшү зарыл»

«Коомдо коркунуч жаралууда, күч органдары агрессивдүү динчилдерге өз убагында чара көрүшү зарыл»

05-июнь, 22:30
367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Соңку убакта радикалдуу динчилдер менен светтик көз караштагы жарандарыбыз соцтармактардан катуу каршылашууда. Мындай тирешүү улана берсе, жыйынтыгын кандайча элестетебиз? Күч органдары эмне үчүн анализ жасап, баа беришпейт? Өзгөчө ашынган динчилдер ачык эле согушка, ташбараңга алууга үндөп жатышат... Акылга келишпесе Кыргызстан экинчи Афганистанга айланып кетпейби?” деген собол таштадык.

Гүлзат Аалиева, философия илиминин кандидаты, коомдук ишмер:

-- Ооба, бүгүнкү күндө жалпы кыргыз коомуна ханафи мазхабынын принциптери эмес, улуттун уникалдуу идентификациясын жер менен жексен кыла жоготуп, этноцидге (улут курутка, же улуттун социалдык эс-тутумунан ажыратууга) багыт алган, ошондой эле шариат мыйзамдарына таянган халифат курууну максат кылган радикалдуу исламдын ар түркүн агымдарын таңуулоо үстөмдүк кыла баштады. Тилекке каршы, светтик Кыргыз Республикасынын күч органдарынын өздөрү радикалдуу динчилдердин тил алчаак кол жоолугуна айланган. Айтсак, Сооронбай Жээнбековдун учурунда радикалдуу исламчылар баш көтөрүп, улуттук баалуулуктарды жерүү процесси өзгөчө күч алды. Ошол себептен, ал учурда биздин мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен күч түзүмдөрүнө даректелген даттанууларыбыз да, кайрылууларыбыз дагы жоопсуз калган. Диндер көп болгону менен калкыбыз бирөө гана. Кыргыз элин диний этноцидден сактап калуу – заманбап Кыргыз Республикасынын расмий бийлигинин тарых жана абийир соту алдындагы эң чоң жоопкерчилик.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

-- Бул маселеге жеңил ойлуу болбошубуз керек. Өзүм диний көз карашты абдан сыйлаган адаммын. Мейли мусулман, мейли христиан, католик же будда болсун, динге ишенеби-ишенбейби, атеист болобу – ар бир адамдын жашоого болгон көз карашын сыйлаган оң. Биздин коом ар улутту, анын ар тараптуу дин туткандарын сыйлай албай атабыз. «Ал мусулман болуш керек!» деп, калганын душман катары кабылдап, жаңылып жатабыз. Эң ириде, кыргыз экенибизди, улут катары анын кылым карыткан каада-салттарын, үрп-адатын, адеп-ахлагын тереңден маани берүү шарт. Таңуулабашыбыз керек. Өкүнүчтүү жагдай бар, менин келиндерим, небере кыздарым оронуп-чулганып алышты. Мага жакпайт. Бирок, мен аларды мажбурлап, «чечип сал» дебестен, тескерисинче, «ошо сага жагабы? Болгону капкара кийинип албай, ачык түстөгүлөрдү кийгиле» деп гана коём. Учурунда көп жылдар бою чачымды кыска кырктырып жүргөм. Эки жылдан бери чачыма кайчы тийгизбей, кадимкидей жоолук салынып калдым. Бул менин жеке каалоом. Ооба, байкелеримдин «мурункудай эле жүрчү» дегендери суу кечпей атат. Анткени жандүйнөм менен эсептешип калдым да. Эч качан бирөөнү «теңирчи», бирөөнү «арабкул» дебешибиз керек. Кудайды унутпай, ага болгон ишенимди жоготпосок. Кудай жалгыз. Ага кайсы шаты менен чыгып барабыз – ал башка кеп.  

Ишенгүл Болжурова, коомдук ишмер:

-- Өтө коркунучтуу жана кейиштүү нерсе. Мурун биз «орус-кыргыз, түндүк-түштүк» деп бөлүнчү элек. Анан уруулукка өттүк. Кыргызда биримдик болбойт окшойт. Бири-бирибизди аңдып, бөлүнүп эле турабыз. Ал эми радикалдуу ашкере динчилдер өздөрү «бизде он-жыйырма чакты бутактарыбыз бар» деп айтышууда. Алар го алар, ханафи мазхабын кармангандар бар. Көбүнчөсү цивилдүү өлкөлөрдө тутунуп, момун мусулмандар экенин билебиз. А биздин динчилдер өтө эле агрессивдүү болгону мени таңгалдырат. Мындай карасаң, союз учурунда советтик тарбияга сугарылып, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, аял кишиге кандай мамиле кылат, балдарын кандай тарбиялайт (?) дегендин системасынан чыкчу эмес. Ал эми азыр кимдин акчасы, же ким аларды көкүтүп атканы түшүнүксүз. Муну биздин күч органдарындагы атайын кызматтар көзөмөлгө алып, өз убагында тийешелүү чара көрбөсө, коомдо коркунуч жаралышы мүмкүн. Бирок, ошону менен катар үмүт да бар. Анткени, кыргыз элинин кылым карытып келаткан, эч бир элде жок калыптанып калган каада-салты, үрп-адаты, ырым-жырымы бар. Урпактардан урпактарга өтүп келаткан дүйнөтаанымы менен биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болуп, улутка жат болгон жагымсыз көрүнүштөрдөн арылабыз. Улут уңгусуна кайта турган күн келет деп ойлойм.

Анарбек Усупаев, коомдук ишмер:

-- Бу жерде чындыкты айтыш керек, «балык башынан сасыйт» дейт, көрсө, чын экен. Жакында чоң аянтта айт намазы окулду. Ал жерде Конституцияда кабыл алынган мамлекеттик маанидеги маданий иш-чаралар гана өтүлүшү керек эле. Биздин жетекчилер ошо жерге атайын чыгып алып, айт намазда чөгөлөп атпайбы... Биз эч качан светтик өлкө экенибизди унутпашыбыз керек. Муну Атамбаев баштаган, андан кийин Жээнбековдор улантты. Мындайга барбаш керек. Кайсы бир убакта аталарыбыз ислам дининдеги ханафи мазхабын «биздин салт-санаага жакын экен» деп кабыл алышкан. Мейли, кабыл алса алган чыгар. Мейли, намаздарын тынч окуй берсин, каршылык жок. Бирок, учурда андан чыгып кетип, радикалдуу бутактарына кирип, «жер шарында мусулмандар гана калыш керек. Калган диндерди өлтүрөбүз!» деген көз карашты карманып аткандарын эч туура көрбөйм. Мына мен да мусулманмын. Жакында айылга барып, кадимкидей молдону үйгө чакырып келип, уулума куран окуттум. Элге чай бердим. Айыл ичи баары туура эле кабыл алды. Болгону биздин борбордо баары ойдогудай эмес. Муфтиятка ашынган молдоке сөрөйлөр толуп алды. А биздин жетекчилерибиз алардын сөзүнөн чыкпай, баштарын ийип отурушат. Мындай болбош керек.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер