Акыркы кабарлар
» Коом » Ошто жети тонна кара куурай жок кылынды
Ошто жети тонна кара куурай жок кылынды
09-август, 17:19
197 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Оштогу Жапалак айыл аймагындагы 16 гектар жерде өскөн жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу ички иштер министрлиги маалымдады.
8-августан 12-августка чейин Ош аймагында “МАК-2022” деп аталган атайын операция жүрүүдө. Анда кара куурай өскөн жерлер аныкталып, жок кылынат.
ИИМдин буга чейин берген маалыматында Кыргызстандын аймагында кара куурай (марихуана) 10 миң гектардан ашуун жерде өсөт. Жылына аларды жок кылууга күч кызматкерлери тартылат. Жапайы өскөн кара куурайдан дагы баңгизат даярдалып, көмүскөдө сатылары айтылат. Өлкөдө аны өстүрүү жана колдонууга тыюу салынган.