Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат ажы “чегирткени кууруп жейт” деди

Максат ажы “чегирткени кууруп жейт” деди

30-июнь, 20:53
804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл Кыргызстанда чегиртке көп. Ансыз да суу тартыш болуп атканда, эгинге зыян кылып аткандыр. Шаардыктар күбө болуудабыз, борборубуз Бишкекте да чегирткелер көбөйүп кетти. Көчөдө бура бастырбай секиришип, балдардын жүрөк үшүн алууда. Эмне кылабыз? Үйлөргө чейин кирип келип атат. Ушундан улам Максат ажы Токтомушевдин насаатын эстедим. Чегирткени мууздабай эле кууруп жей берсе болорун айткан. Пайгамбарыбыздын сөзү катары мисал келтирип, бул жандыкты адал экенин баса белгилеп атпайбы! Ансыз да кымбатчылык күч алып, эт, балыктын баасы көтөрүлүп кетти. Мындай шартта чегиртке кууруп жегенге өтсөк, пайдалуу тамактануубу? Максат ажы, ушул жагынан өзүңүз баштап берсеңиз кандай? Кытыратып чайнап, элге көрсөтүп койбойсузбу? Албетте, аргасыздан ушундай суроолор жаралууда. Эң абройлуу аалымыбыз “чегирткени кууруп жейт” деп айтып аткан соң, үмүт кылат экенсиң да...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер