Медетбек Букуев: “Садыр Жапаровдун кийинки президенттик шайлоого барары азырынча айтылбайт”


КР президентинин кеңешчиси Медетбек ага менен учурдагы кырдаалга жараша маектештик.
-- Медетбек Омошевич, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан шайлоо боюнча түрдүү божомолдор орун алууда. Президент Садыр Жапаровдун адамдарына караганда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин “талапкерлери” арбын экенин айтып жатышат го? Бу сапар чын эле таза шайлоону көрө алабызбы, же капчыкка басым жасалабы?
-- Шайлоо боюнча эл арасында ар кандай сөздөр, түрдүү божомолдор козголо баштады. Бири “капчыктуулар өтөт экен” десе, экинчилери “таза шайлоо болуп, мамлекеттик кызматта иштегендерден эч кимиси аралашпайт, кимдин депутат болорун эл чечет” деген пикирлерге карманышууда.
Бир кезде президенттин көтөргөн демилгеси туура экенине ынанабыз деп ойлойм. Анткени, качанкыга чейин эл сатылып, өзүнүн келечегине балта чаап жүрө берет эле? Буга чейин деле президент жергиликтүү кеңештерде өзү баш болуп, “үгүт иштеринде алданбагыла, анча-мынча тыйынга добушуңарды сатпагыла” дечү. Мен билгени президенттин башкы максаты – шайлоону таза өткөрүү, “эл тандаган талапкерлер шайланса экен” деген аруу тилек менен иштеп атат.
Менимче, “Ташиевдин же Жапаровдун кишилери өтөт экен” дегендери калпыстык, ушакчылардын чыгарган сөздөрү да. Мен билгенден генерал Ташиев мырза да, президент дагы мындай ишке каршы. Эч качан андай тескери көрүнүштөргө барышпайт. “Шайлоого чыкчуларга бата беришет экен” дегендери да туура эмес, мунун баары ортодогу бузукулардын элди иренжитиш үчүн чыгарган сөздөрү. Экөө тең кыйладан бери таза шайлоо өткөргөнгө аракет кылып келе жатышат. Аз-аздан жылыштар бар. Эң башкысы, элде “таза шайлоо өтсө, добушубузду сатпай татыктуусуна берсек, эл үчүн иштей турган депутаттар келет” деген түшүнүк пайда болуп калды. Анткени, бүгүн сатылган добуш эртең элдин өзүнө каршы иштей турганын көрүп жатышат. Ошон үчүн шайлоочулар татыктууларын тандоого үйрөнө баштады. Бул нерсе кадам сайын алдыга жылып баратканыбыздын далили.
-- “Өзүн-өзү таркаткан депутаттардын кийинки шайлоого келгенге укугу жок” деген пикирлер да арбын айтыла баштады...
-- Менин жеке пикиримде, депутаттар демилге көтөрүшүп, тароо чечимин кабыл алышканы туура болду да. Себеби, алдыда парламенттик жана президенттик эки чоң шайлоо бар. Мындай чоң өнөктүктөрдү уюштуруу машакаттуу, анан калса, каражат, социалдык жагынан да өтө чоң маселелердин бири. Ошон үчүн президенттик шайлоо келаткан маалда парламенттин маселесин чечип, шайлоо кылып койгон оң эмеспи. Анткени, айрым жагдайлар Жогорку Кеңешке да байланыштуу. Азыркы иштегендер да, жаңы талапкер болуп, шайлоого аттангандар дагы элдин элегинен өтүп келишет. Тарап кеткен депутаттардын сынга кабылгандары, алгылыктуу эмгек кылгандары да болду. Ошондуктан эч кимге чек коюлбайт. Негизи баардык талапкерлер шайлоочулардын тандоосунан өтө беришсин. Калыстык керек. Андыктан, “өзүңдү-өзүң тараткансың” деп жеригенибиз туура эмес.
-- Көп мандаттуу округдардан шайланып келген депуттарга кандай баа беребиз?
-- Бул жерде бир эле сөз менен айтыш керек го. Президенттин, генералдын дагы түйшүктүү аракеттери бар. “Шайлоого кандай жолду тандасак оптималдуу болот? Кантип татыктуу депутаттарды элдин элегинен чыгара алабыз?” деген изденүүлөрүн эске алалы. Аныгында партиялык тизмени, бир мандаттуу округдан шайлангандарды да көрдүк. Ошон үчүн көп мандаттуу шайлоодон чочулабай деле койгон оң. Эсиңердеби, президенттик башкарууга өтүп жатканда деле оң-тескери сөздөр айтылып, “туңгуюкка такалабыз” дешкен. Азыр көрүп жатасыздар, президент баарына жооп берип, иш алдыга жылып жатат. Ошон үчүн көп мандаттуу шайлоо системасын дагы көрүшүбүз керек. Балким, эң жакшы вариант ушул... Себеби, кыргыз деген өзгөчө эл экенбиз, баардык жагынан эркиндикти сүйгөн, анча-мынча кысымга чыдабаган... Бул шайлоонун деле кемчиликтери, артыкчылыктары болушу мүмкүн.
-- Өлкөдө тартип орноп, коррупцияга каршы күрөш күчүнө кирип жатабы же?..
-- Коррупциясыз мамлекет жок болсо керек. Анын тамыры түбүнөн кыркылбаса да, кандайдыр бир деңгээлде төмөндөтүп койгонго шарттар бар. Азыр ошонун биринчи кадамы жасалып, өтө оор процесстер жүрүүдө. Мамлекеттик башкаруунун баардык тепкичтеринде канга сиңип калган кайдыгерлик, кызмат абалын кыянаттыкта пайдалануу (!) деген бар экен. Аларга каршы күрөшүү өтө көп убакытты талап кыларын баарыбыз түшүндүк. Дээрлик жетекчилер дагы жонтериси менен сезе башташты. Буюрса, баары жакшы өнүгөрүнө ишенем.
-- Кийинки президенттик шайлоого Садыр Нургожоевич аттанабы?
-- Бул эң туюк жана айтылбай турган маселе. Муну эч ким билбейт. Алгач Жогорку Кенештин шайлоосун жакшы өткөрүп алалы, анан калганы өз орду менен кете берет. Негизи баардык нерсе өлкөдөгү акыбалга жараша өнүгөттүр. Ошондуктан алдын ала бир нерсе айтуу туура эмес болуп калат.
Чынайым Кутманалиева
"Азия Ньюс" гезити











