Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Үсөновго тиешелүү делген 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Данияр Үсөновго тиешелүү делген 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

02-август, 11:30
1 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Дастан Бекешевдин социалдык тармактагы жазган маалыматы боюнча мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2005-жылы Ысык-Ата районунда алган 20 гектар жер жакында мамлекетке кайтарылды.

Бекешовдун айтымында, «Прайм-Строй» деп аталган компания жерди бекер алган. Ошол эле 2005-жылы Казакстандын «Темирбанкы» менен келишим тузүлүп, жер күрөөгө коюлуп, «Прайм-Строй» жылдык үстөгү 21 пайыз менен 6 миллион доллар каражатты үч жылга алган.

«Прайм-Строй» үй курмак, бирок антпей акча тапты, эми жерди мамлекетке кайтаруу адилеттик болот», - дейт Дастан Бекешев.

Анын пикиринде, жер 2022-жылдын март айында соттун чечими менен кайтарылган.

Данияр Үсөнов премьер-министрлик кызматтан 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин кеткен. Ал оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин сыртынан абакка кесилген. Кийин ал Даниил Урицкий деген ат менен Беларуста иш жүргүзүп келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер