Акыркы кабарлар
» Саясат » «Замандаш» менен «Республика» бириктиби?
«Замандаш» менен «Республика» бириктиби?
18-июнь, 18:00
846 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌«Замандаш» партиясы менен «Республика» партиясы биригип, шайлоого чыга турган болду. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын өкүлү Тынчтык Турдалиев Фейсбук баракчасына жазды.
Азырынча саясатчылар кайсы партиянын желегинин астында шайлоого чыга турганыy айтыша элек. Коомчулуктун пикиринде «Республика» партиясы менен чыгышы мүмкүн.
Буга чейин бир нече саясатчылар «Ата Мекен» партиясына биригишкен болчу. Шайлоого чейин дагы бир топ партиялар биригишип, күчүн сынап көрүшү мүмкүн.
Эске салсак, Боршайком 2020-жылдын 4-октябрына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү деп бекиткен.