Айбек Бусурманкулов, экс-губернатор: “Арстан Алайдын өлүмү камактагылардын духун түшүргөн жок”

-- Айбек, жаңы жылыңыз менен! Камактагылар жаңы жылды кандай тостуңар?
-- Камакта жатсак да, жаңы жылды жакшы үмүт менен тосуп алдык. Жаңы жылда кыргыз элине баатырдык, эр жүрөктүүлүк каалайм. Тарыхта баатырлар кыргыз жеринин бүтүндүгүн, элинин эркиндигин коргоп келишкен. Баатыр бабаларыбыздын эрдиктери үчүн азыркы кыргыз мамлекетине ээ болуп отурабыз. Жергебизде тынчтык болсун!
-- “Кемпирабадчылар” бир камерада экиден жатышабы, же башкаларга кошобу? Сиз жаткан камера жылуубу?
-- “Кемпирабадчылар” ар башка камерадабыз. Ар бирибиз ар башка адамдар менен отурабыз.
-- Жалындаган жаштыгыңыз камакта өтүп жатканына өкүнбөйсүзбү? Балдарыңыздын сагынычы, ата-энеңиздин санаркоосу, жубайыңыздын түйшүгү ойго салабы? Жок жерден камалып калып, аларды азапка салуу кыйын го? Ушундай ойлор жүрөгүңүздү эзеби?
-- Жалындаган жаштыгым камакта өтүп жатканына өкүнбөйм. Өкүнгүдөй кыпындай да күнөөм жок. “Кемпирабадчылар” “кыргыз жери, суусу Өзбекстанга берилбесин” деген пикирибиз үчүн камакта отурабыз. Кылмыш ишибизде бир дагы күбө, дегеле далил зат жок. “Эгер күнөөбүз болсо, ачык сот өткөрүп, күнөөбүздү далилдеп бергиле. Эл чындыкты билсин” деген талап коюп жатабыз. Тилекке каршы, бийлик жабык сот өткөрүүдө.
Мен кыргыз макалдары менен тарбияланып өстүм. “Баатыры бар эл өлбөйт”, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”, “Эрден эрдин неси артык, эл үчүн кылган иши артык” дегендей, кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн күрөшүү мен үчүн сыймык. Ата-энемдин санаркоосу, жубайымдын түйшүгү, балдарымдын сагынычы, кусалыгы кайраттуу, намыстуу жигиттерге анчалык оор болбосун, аны көтөрө билүү кыргыз жигитинин милдети экенин билем. Жакындарымды азапка мен эмес, бийликтин адилетсиздиги, мыйзамсыз чечими салып жатат. Оор күндөрдүн артында кубанычтуу күндөр бар экенине ишенем.
-- Таңды кантип атырып, күндү кантип батырып жатасыз? Камерада эмне менен алексиз?
-- Эртең менен 7:30да пландуу текшерүүдө ойгоном. Күндү Кудайдан элге, жакындарыма, өзүмө жакшылык тилөө менен баштайм. Анан бир сааттай узундугу 6 м, туурасы 3 м болгон бөлмөдө сейилдейм, чуркайм. Камерага келип, эки чака муздак суу куюнам. Саат 17:00дө физикалык көнүгүүлөрдү жасайм. Камакта жатканда биринчи кезекте ден соолукка кам көрүү маанилүү. Калган убакта бир саат китеп окуп, бир саат өзүм жаткан камерада ары-бери басам. Куран, Манас, Хан Тейиш, Түрк империялары, Платон, Конфуция, Махатма Ганди, Достоевский “Бесы”, Г.Форд, Ошо, Рокфеллер “Почему одни страны богатые, а другие бедные”, “Homo Deus” жана башка кыркка жакын китептерди окудум. Кечке маал жаңылыктарды угам, 23:00дө уктайм. Кээде жанымдагы адамдарга адамдык сапаттарды (сабырдуулук, тобокелчилик, туруктуулук, жоокерчилик, көңүл, каниет ж.б) өнүктүрүү боюнча “адам бол” деген руханий талкууларды өткөрүп коём.
-- Көптөр сизди “камакта жөн эле отурат. Айбектикиндей мекенчил жүрөк баарында жок, ушул жигитти бекер камады” дешет. Камактагы күндөр сизди курчуттубу же түрдүү сыноолор көз карашыңызды өзгөрттүбү?
-- “Медалдын эки бети бар” дегендей, камактагы күндөрүмдөн дагы сабак алып жатам. (Терс жактарын айтпай эле коёюн).
Биринчиден, эркиндиктин, жакындарымдын баркын билдим. Экинчиден, камакты өзүмдү өзүм таанууга, сыноого мүмкүнчүлүк катары кабыл алдым. Үчүнчүдөн, түрдүү адамдар, түрдүү тагдырлар менен таанышасың. Кыскасы, камактагы күндөр менин мүнөзүмдү курчутту. Ишенимимди бекемдеди. Көп китеп окуганга, ар бирине анализ жасаганга чоң мүмкүнчүлүк берди. Буюрса, өмүрүмдүн аягына чейин кыргыз элиме кызмат кылам деген ниеттемин.
-- Коопсуздугуңар көзөмөлдөнүп турабы? Сиз жаткан камерада видеобайкоо барбы?
-- Бул жакта камералардын ичинде видеобайкоо жок. Калган баардык жерлерде бар. Коопсуздугубуз көзөмөлдөнүп турат.
-- Арстан Алайдын өлүмү камактагылардын жакындарынын баарын селт эттирди. Ал нерсе “кемпирабадчылардын” духун түшүрүп койгон жокпу?
-- Арстан Алайдын өлүмү камактагылардын духун түшүргөн жок. Тескерисинче, нааразычылыгын жаратты. Акыркы үч жылда абакта элүүдөн ашык адам өлүптүр. Ошол адамдардын өлүмүнө жол берген баардык кызматкерлер сөзсүз жооп бериши керек. Болбосо өлүм улана бериши мүмкүн.
-- Эмнеге үй камагына чыгууга аракет кылган жоксуз? Мүмкүн жалындуу жаштыгыңызды кор кылбай, үй-бүлөңүздүн маңдайына келүү маанилүүдүр?
-- Үй камагына чыгуу менин эмес, бийликтин каалоосунан көз каранды. Анткени, биздин ишти сот эмес, белгилүү бир адам чечет. Биздин иште кылмыштын курамы жок, саясый иш. Ошон үчүн күнөөбүз жок болсо да, бир жылдан ашык убакыттан бери эркиндигибиз чектелип, камакта отурабыз.
-- Сот адилеттүү чечим чыгарат деген ишеним барбы? Сиздерди күнөөңөр далилденбесе да, токулган кылмыш иши менен камап салбайбы?
-- Кемпир-Абад иши тарыхый окуяга, эл аралык деңгээлдеги чоң резонанстуу ишке айланды. Ошон үчүн бул ишти бийлик чечет. Биздин камалар-камалбасыбыз да алардын абийиринен көз каранды.
-- Адилеттүүлүк жеңээрине, Кудай бар экенине, жөн эле соттолуп кетпесиңерге ишенесизби?
-- Адилеттүүлүк сөзсүз жеңээрине ишенем. Бул табигый мыйзам. “Бектер кетет, эл калат. Бетеге кетет, бел калат”. Бийликке убактылуу саясый оппоненттерин камап, адилетсиз чечим чыгарган президенттердин тагдыры сабак болушу керек. Кыргыз эли камоолордон коркпостон, тескерисинче, курчуйт, күчөйт. Анткени, кыргыз эли табиятынан адилетсиздикке баш ийбейт. Экономиканын өнүгүүсү креативдүү ой жүгүрткөн адамдардан, инновациялык жаңы технологиялардан көз каранды. Адамдар өз мүмкүнчүлүктөрүн эркин коомдо жана адилеттүү, мыйзамдуу ачык мамлекетте ишке ашыра алышат. Ал эми эркин коомду баатырлар, эр жүрөк адамдар курат. “Өсөөр эл өз башчысын “баатырым” деп эркелетет” дегендей, бийлик дагы кыргыз элинин келечегин ойлосо, өсүп келе жаткан баатыр балдарын сындыргандын ордуна аларды колдоого милдеттүү.