Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайненемдин тескери сүйлөнгөнү аз келгенсип, күйөөм да акыркы убакта сабай баштады

Кайненемдин тескери сүйлөнгөнү аз келгенсип, күйөөм да акыркы убакта сабай баштады

13-апрель, 12:08
808 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыкканыма үч жылга аяк басты. Уулдуу болдук, жакшы күндөрдү өткөрдүк. Бирок акыркы күндөрү мага болгон басмырлоону, жек көрүүнү байкай баштадым. Бул тагдыр экен. Бир бөйрөгүмдү алдырып, оор жумушка да, мындан ары төрөгөнгө да жарабай калдым. Колумдан келишинче үй жумуштарын жасап, кайын журтумдун ысык чайын берип, ушул жашоомо шүгүр кылып келем. 

Бирок, акыркы убактардагы кодулоо жаныма бата баштады. Мен операция болгондон кийин кайненем акырындап өзгөрө баштады. Эми бул абал күйөөмө жетти. Баскан-турганыман, кылганымдан кынтык издешип, “байкуш таңдан кечке иштейт, мунусу ичип-жегенди эле билет” деп кайненемдин тескери сүйлөнгөнү аз келгенсип, күйөөмдүн мүнөзү да орой болуп, акыркы убакта сабаган адат тапты. Анүстүнө анчалык өңдүү-түстүү, сулуу да эмесмин. Мени “өзү билип эле чыгып кетпейби” деген маанайларын байкадым. Жашоом оорлошуп, “мындан ары кандай кадамга барсам?” деген ачуу ой күндө эзчү болду. Кеңеш бериңиздерчи!


Жаркын 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер