Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейтек Качкынбай: “Азыркы Башмыйзамда президенттин эбегейсиз бийлиги бар”

Сейтек Качкынбай: “Азыркы Башмыйзамда президенттин эбегейсиз бийлиги бар”

03-декабрь, 13:54
677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Конституцияны өзгөртүүдөгү талаш-тартыш жараткан жактары кайсылар?

-- Биринчиден, талаш жараткан жери – легитимдүүлүк маселеси. Убактылуу президенттин милдетин аткарып жаткан адам конституциялык реформаларды,  референдумду өткөрө албайт. Бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Экинчиден, ар кандай реформаларды кылардан мурун алгоритмди сакташ керек. Башкача айтканда, жарым жыл коомдук талкууда болушу абзел. Ошондон кийин ал долбоор эксперттик жыйында жок эле дегенде үч айга чейин электенет. Анан коомдук талкууга кайра берилиши керек. Коомдук талкуу дегенде бизнес, илимий чөйрө, саясый топтор, партиялардын баары катышышы шарт. Конституциянын реформасын бери дегенде эки жылдай карап, талдап чыгуу зарыл. Адегенде легитимдүү президентти, парламентти  шайлап алыш керек эле. 

-- Сунушталып жаткан Башмыйзамдын негизинде авторитардык башкаруу орнойт деген кооптонууларга негиз барбы?

-- Бул Конституцияда 61 жерге өзгөртүү кирип атат. Башкача айтканда, өзгөртүү эмес, жаңы Башмыйзам жазылып жатат. Ага ылайык, авторитардык башкаруу күч алат. Бул түшүнгөн адамга өтө коркунучтуу нерсе.

-- Азыркы Башмыйзам менен өлкөнү өнүктүрүп кетүүгө болбойбу? Анда эмне тоскоолдуктар бар? 

-- Азыркы Башмыйзамда деле президенттин эбегейсиз бийлиги бар. Бардык күч президенттин колунда. Анын негизинде деле реформаларды, өнүгүүлөрдү жасаса болот. Мындан улам, Конституцияны өзгөртүү эмнеге байланыштуу экени түшүнүксүз болууда.

-- Омбудсмен Токон Мамытов конституциялык өзгөртүүлөр боюнча Венеция комиссиясына кайрылды. Комиссиянын таасири кандай болушу ыктымал?

-- Омбудсмендин кайрылуу жазганы абдан кубанарлык болду. Венеция комиссиясы эл аралык, бейтарап уюм болгону үчүн башка донорлорго, дүйнөлүк коомчулукка сунуш берүүчү күчкө ээ. Кийин кабыл алынган Конституция жөнүндө маселелер жаралса, комиссиянын берген сунушу менен өлкөнүн эл аралык алакасында тоскоолдуктар пайда болушу толук мүмкүн.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер