Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Шайырбек Ташиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев кимдин күйөө баласы?
Шайырбек Ташиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев кимдин күйөө баласы?
06-август, 00:21


Жакында камактан чыккан Шайырбек Ташиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакированын бир тууган күйөө баласы экени айтылып, бүйүр кызыткан талкууга жол ачууда. Биздин коомчулук чакан эле да, кимдердин кандай байланыштары, жакындары бат эле билинип калат. Жыргалбек мырза Ташиевдин укугун жактап жүрсө, кайнежеси сотторду башкарып, тескеп отурбайбы. Мамлекеттик саясаттан да туугандык кызыкчылыктар жогору чыгып кетпейби?
Ал эми Жыргалбек Бабаевдин жубайы Жайнагүл Бакирова “Бакыт үйүнүн” башкаруучусу катары иштеп келет. Бул мекеме да популярдуу адвокаттын тапканынан кем эмес “май талкандуу” кызмат көрсөтүү эмеспи...











