Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миталип Мамытович, сиз бизге баардык жагынан үлгүсүз, маяксыз!

Миталип Мамытович, сиз бизге баардык жагынан үлгүсүз, маяксыз!

16-декабрь, 10:49
906 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жылы Миталип аке жөнүндө «Адамдыктын эталону» деген кичинекей материалым массалык маалымат каражаттарынын биринде жарык көргөн эле. Азыр ошондо камтылбай калган айрым ойлорумду абабыздын юбилейине карата ортого салууну чечтим.

Улуу адамдарда кандайдыр бир окшоштуктар болот. Мен да Миталип аке Мамытов менен мына элүү жылга жакын мезгилден бери жакындан таанып, ага-инилик, туугандык карым-катнашта болуп келем. Ошондон улам айтайын дегеним, адамдык көп сапаттары боюнча доорубуздун улуу адамы Чыңгыз Айтматов экөөнүкү окшошуп кетет, окшоштура берем. Анткени, бул кишилерди бир карасаң эч куулук-шумдугу жок жаш наристе баладай, бир карасаң илим-билимден эч кабары жок, бирок турмуштук тажрыйбасы мол айылдагы чоң аталарыма окшоп кетишет. Дагы айлантып карасаң, жөн адамдын колу жетпеген, жанына адам даап бара албаган пайгамбардай көрүнүшөт. Чындыгында ошондой. Эң негизгиси, эч жасалмасы жок, табияттан берилген карапайым жөнөкөйлүктөрү. Муну адамдыктын бийик эталону катары билем. Болбосо азыр акча баарын чечип, акчасы жок адам -- адам катарынан чыгып, дээрлик бир муун акча табуунун туура эмес жолун тандап, мыйзамсыз жол менен байып, мыйзамсыз жашоо кадимки турмушка айланган кезде мындай кишилердин өрнөктүү өмүрү келечек муун үчүн жол көрсөткүч маяк болушу керек. Бул эки инсанды да элдин алкоосуна жеткирген жагдай – бул тынымсыз эмгек жана такай изденүү жана ак ниеттен иштөө го (?) деп ойлойм. 

Ушундан улам эске түшөт: Маркстын кыздары үйүндө оюн-чыны аралаш анкета түзүшөт. Анда «бакыт деген эмне?» деген суроо болот. Ага Маркс «бакыт деген – күрөш» деп жооп берет. Муну тынымсыз эмгек, кыймыл-аракет катары түшүнүш керек. Миталип аке да убагында «сиз өзүңүздү бактылуумун деп сезесизби?» деген суроого кыска гана «бактылуулук – элге кызмат кылуу» деп жооп бериптир. Демек, ак ниет менен элге ак кызмат кылуу адамдыктын эң жогорку сапаты.

Миталип аке жөнүндө анын профессионалдык чеберчилиги, дарыгерлик касиети, кынтыксыз операциялары, алган мамлекеттик сыйлыктары, баатырдыгы жөнүндө көп жазылып, көп айтылды. Мен бул улуу инсандын кесиптик ишинен тышкары мезгилде, күнүмдүк турмуш-тиричилик шарттарында адамдар менен болгон мамилеси жөнүндө гана чөп башылап жазууну чечтим.

Бирок, элдик адамдын жөнжай турмуш-тиричилиги жокко эсе, болсо да аны да адамдарга жардам берүү, адамдардын ажатын ачууга багыттап келатат десек болот. Мен билгенден Миталип аке кайда болбосун, депутат катары Жогорку Кеңештин отурумунда болобу, же саламаттык сактоонун министри катары чогулуш өткөрүп жаткан болобу, же кыйбас кишинин юбилей тоюнда отурабы, болбосо үй-бүлөлүк жеке майрамда болобу, кимдир бирөө «кокустук болуп калды, сиздин кеңеш, жардамыңыз керек эле» деп кайрылса, шак эле шаймандарын алып жөнөп кетет. Мындан көп жыл мурда улуттук университетте иштеген жакшы тааныш доцент айтты эле, «кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, кичинекей уулубуз жыгылып, башы менен тийип, «тез жардам» чакырып ооруканага алып барсак, врачтар «ка-ап, Миталип Мамытовичтен консультация алсак болот эле» деп кыйылып калышты. Жаңы жылга саналуу эле сааттар калган. Далбактап көзүмө эч нерсе көрүнбөй, Миталип Мамытовичтин адресин кыйбас адамдардан таап алып учкан бойдон кичирайондогу үйүнүн звоногун бастым. Кудай жалгап үйүндө экен, оозумдан чыкканда эле түшүндү, «машина барбы?» деп эле мени менен жөнөдү» дейт. Албетте, бул мен уккан окуялардын бири гана. Миталип акеге мындай өлүм менен өмүрдүн чегиндеги кырдаалга туш болгон адамдар боюнча «Алладан, анан Миталип Мамытовичтен» деп кайрылуулар күн сайын болбосо да, жума сайын болуп турса керек. Бул деген ондогон жылдардан бери калыптанып калган Миталип акенин турмуш образы.

Мен өтө сыйлаган дин аалымы, аалымдар арасында чоң авторитет Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу Миталип аке жөнүндө өзүнүн бир макаласында минтип жазат: «Мухаммед алейхи салам минтип айтат: «Адамдардын жакшысынын өмүрү узун болот, анын себеби – ал жакшы иштерди, сооптуу иштерди көп кылганында». Чынында эле бул сөздөр Миталип аке үчүн айтылгандай. Мына ондогон жылдардан бери байкап жүрөбүз, Миталип акеге тааныган деле, тааныбаган деле адамдар ар түрдүү маселелер менен кайрыла берет. Бирөөнү да жоопсуз калтырбайт. Бул эми медицина же ал кишиге тийешелүү мээ боюнча эле эмес, турмуш-тиричилик маселесинде да кайрыла беришет. Миталип аке адамдарга жакшылык кылуудан чоң рахат аларын дайым байкайм.

Миталип Мамытович эң жакшы көргөн сөзү «бири-бирибизден жакшы сөзүбүздү, жакшы көзүбүздү аябайлычы, бул көңүлдү өстүрөт, өмүрдү узартат» дейт. Туура айтасыз Миталип аке, элдин көңүлүн көтөрүп, өмүрүн узартып, көп жылдарга аман болуңуз.

Жогоруда мен шилтеме берген Дүйшөнбек ажы чиеленишкен дин маселелери жаатында эле эмес, поэзия дүйнөсүндө да өз орду бар инсан, анын ырларындагы төмөнкү бир куплет кыргыздын атагын дүйнөгө даңазалаган мыкты уулдарынын бири Миталип акеге гана багышталгандай болуп туру:

Күн нурундай ааламга жарыгыңды чачып өт,

Жаратканга жакпаган жаман жолдон качып өт.

Түбөлүккө өчпөгөн өрнөктүү жолду басып өт,

Адамзатка пайдалуу, акыл сөзүң жазып өт.

Эми Миталип аке өзүңүздүн коллегаңыз Мамбет Мамакеев абабыздын айтымында, азыркы заманда эл ортону 90-95 жаш экен. Ары жагында төрт-беш эле жыл калат экен, Кудай «ал кулум» деп эр ортонун 100гө эле чыгарып койсо, калган адамдарга да жакшы ориентир болот эле. Сиз эми Мамбет абанын жанында али жигитсиз, туурабы? Анүстүнө сиз бийлеген лезгинканы сизден бир топ кичүү инилериңиз бийлемек түгүл аялдарына жөлөнүп, араң дем алып вальс бийлешет. Сиз бизге баардык жагынан үлгүсүз, маяксыз. 

Аягында, эми урматтуу Миталип Мамытович, кутман курагыңызды Кудай кут кылсын! Сиздей адамды кыргыз элинин бактысына жараткан Кудайга миң мертебе рахмат! Сиз менен биздей инилериңиз эле эмес, бүт кыргыз эли сыймыктанат! Эл-журттун бактысына көп-көп жыл өмүр сүрүңүз. Жараткан өзү сизди, эжебизди жана бала-бакыраңызды колдоп жүрсүн!


Жолборс ЖОРОБЕКОВ

P.S. Биз Мариям экөөбүз сиздин юбилей күнүңүздө Бишкекте болбой, маарекелик иш-чараларыңызга катыша албай калганыбызга өтө өкүнүү менен бул куттуктоону жолдоп жатабыз!

 "Азия Ньюс" гезити










Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер