Дубайга бара коюп, жолдошум менен эки ажырым жолго түштүм


Жашым 28де, укук коргоо органдарында иштеген мырзага турмушка чыккам. Жашообуз абдан жакшы болчу, үй-жайыбыз, жетишерлик байлыгыбыз бар эле. Күйөөм акчаны абдан жакшы тапчу. Мен беш жыл дүкөн кыдырып, өзүмө жаккан кийимдерди, зер буюмдарды сатып алып, каалагандай эркелеп жашадым. Жолдошум менен бир уулдуу болуп, жакшынакай жашообуз өтүп жаткан. Кайын-журтум деле эч нерсе дешчү эмес. Бир ирет курбу кызым келип, “Дубайга чогуу эс алууга барып келели” деп калды. “Макул” дедим. Бирок жолдошумдан уруксат ала албай көпкө жүрдүм, ага айтсам, “жумуштан бошотушпайт” деп койду. Акыры талашып-тартышып жатып, уруксат алып Дубайга учтук. Бир жума керемет өттү. Эмне деген гана сонун күндөр... Бирок эс алуудан кайтып келгенден кийин күйөөмдүн мамилеси өзгөрүп, мени кызганып, “Дубайга жөн барып келген жоксуң” деп эле жемелеп жатып калды. Чындыгында мен эч кандай жаман ишке барган эмесмин. Жарым жылдай уруш-талаш кылып жүрүп, акыры эки айрылыш жолго түштүк. Андан соң жолдошум башка аялга үйлөндү. Кийин бир канча убакыт өткөндөн соң, бирөөлөр аркылуу курбу кызым мени жолдошума жамандаганын, анын айткандары ажырашуубузга себеп болгонун билдим.
Асель











