Акыркы кабарлар
» Коом » Адилет Маматов: “Бизде Кытайдагыдай бут кийим өндүрүүчү ири фабрикалар жок”
Адилет Маматов: “Бизде Кытайдагыдай бут кийим өндүрүүчү ири фабрикалар жок”
18-август, 17:13

-- Бул жылы Кытайдан бут кийим алуу импорту аябай өсүптүр. Себебин айтсаңыз? Эмнеге өзүбүздүн өндүрүштө жылыш жок?
-- Себеби, бут кийим өндүрүшү Кытайда жакшы өнүккөн. Бизде Кытайдагыдай бут кийим өндүрүүчү ири фабрикалар жок. Учурда "хенд мейд", колго жасалган сапаттуу бут кийим өндүрүшү Кыргызстанда өнүгүүдө, бирок рыноктун талабын толугу менен камсыз кыла албайт. Бизде кийим тигүү тармагы жакшы өнүгүүдө. Себеби өндүрүштүк каражат көп талап кылбайт. Ал эми бут кийимди массалык чыгаруу үчүн ири фабрика керек, андай фабрика бизнеси өзүн акташы оор, анткени рыногубуз Кытайга салыштырмалуу чакан, узак мөөнөттө коммерциялык атаандаштыкка чыдай албайт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити