Кеңешбай Тайлаков: “Жазда кымбатчылык күтүлбөйт, жыл бою баа туруктуу сакталат”

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын башчысы менен маек.
-- Россияга болгон санкциялар, инфляция, азык тартыштыгы – булардын баары кымбатчылыкка жеткирбейби? Жаз айларына карата баалар тууралуу пикириңизди уксак?
-- Бүгүнкү күндө социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн тизмеги өкмөттүн №242 токтому менен бекитилген. Ал жерде 14 түрдүү товарлардын (буудай, ун, нан азыктары, өсүмдүк майы, кумшекер, эт) баары социалдык жактан маанилүү азыктарга кирет. Өткөн жылдын аягында буудайдын 1 кг баасы 26 сом болсо, бүгүн деле 26 сомдун тегерегинде. Ошондой эле ун азыктарынын орточо баасы (1 кг) 42 сом 90 тыйын болсо, учурда 42 сом 80 тыйынга ылдыйлай түштү. Анткени өткөн жыл соңунда министрлер кабинети нарк салыгынан жеңилдик берген. Бул жеңилдик 2023-жылдын аягына чейин уланат. Демек, рынок туруктуу, стабилдүү болот. Себеби, биз экономика, айыл чарба министрликтери, тегирменчилер ассоциациясы менен бир топ макулдашууларды түздүк. Учурда биздин ун чыгаруучулар буудайды Россиядан ташып келишүүдө. Ал эми коңшу Казакстанда кымбат болууда. Ошондуктан азыр баалар туруктуу. Жыл аягына чейин ойдогудай камсыздаларына ишенип турабыз.
Андан сырткары, өсүмдүк майы дагы нарк салыгынан жеңилдетилген, орточо баасы (1 литр) 150 сомдун тегерегинде. 125 сомдон 185 сомго чейинки туруктуу баада сатылып жатат. Өсүмдүк майынын 20%ын өзүбүз камсыз кылабыз. Ал эми кумшекер боюнча айтсак, кызылча өткөн жылдагыдан аз болду. 120 миң тонна керектөөбүз болсо, 55%ын биздин ички өндүрүшчүлөр жапты. Калганын квота менен сырттан чийки зат же даяр продукция түрүндө алып келип, мамлекетти камсыз кылабыз. Бизде үч азыкты толук өзүбүз өндүрө алабыз. Алар картошка жана сүт азыктары. Калгандары боюнча импортко көз карандыбыз.
-- Айрым азык-түлүктөрдү өзүбүздө көбүрөөк өндүрүп, импортко көз каранды болбоого жолдор барбы?
-- Мамлекет башчыбыз өткөн жылы коопсуздук боюнча чоң концепцияны жарлыгы менен бекиткен. Ал жерде жалпы коопсуздук тууралуу бир топ маселелер камтылган. Андан тышкары, айыл чарба министрлигине да өлкө башчыбыз бир топ тапшырмаларды берип, негизги азыктар менен (өсүмдүк майы, кумшекер, ун азыктары) камсыз кылуу, көбөйтүү жагын тапшырды. Бул боюнча аталган министрлик жаңы кадамдарды жасайт деген ишеничтебиз.
Андан тышкары, матрезервдер фондунда да азыктар алдын ала даярдалган. Өсүмдүк майы, ун азыктары баары жетиштүү деңгээлде. Азыктар менен камсыз кылуу боюнча кээ бир убактарда сезондук факторлор да таасир берет. Биз апта сайын талдоо, сурамжылоо, мониторинг иштерин жүргүзүп, башка мамлекеттердин да баа саясатына көңүл буруп, тийиштүү маалыматты экономика министрлигине жөнөтүп, рынокту турукташтыруу боюнча ыкчам сунуштарды берип турабыз. Учурдагы биринчи маселе азыктарды ашыгы менен запастап алуу. Баардык өлкөлөрдө баа маселеси экинчи орунга чыгып, биринчи орунда резервге даярдоо жагы каралган. Жогорку Кеңеште дагы баа түзүмү боюнча маселелер каралууда. Жаңы механизмдер кирди. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде баалар туруктуу десем болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити