Акыркы кабарлар
» Саясат » “Кыргызстан” партиясы соттон БШКны утту
“Кыргызстан” партиясы соттон БШКны утту
27-август, 20:26
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Талаштуу жагдайга акыры чекит коюлду. Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды.
27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карап, ушундай чечим чыгарды.
Алгач ачык башталган отурумда чечимди угузууга журналисттер киргизилген жок.
Отурумдан соң кабарчылардын суроолоруна партиянын өкүлү Талант Мамытов жооп берип, "БШКнын чечими жараксыз деп табылды. Биз эми шайлоого катышабыз",- деди.