Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Бишкекти каптаган кара түтүнгө Кара-Кече көмүрү себепкер эмес”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Бишкекти каптаган кара түтүнгө Кара-Кече көмүрү себепкер эмес”

05-февраль, 20:00
1 248 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда борбор шаарыбыздын абасы булганып, кыш айларынын болуп турган кези. Ыштын жаралышынын себептери, Казакстан, Кара-Кече көмүрлөрүнүн таасирлери тууралуу тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков агай менен маектештик.


-- Жакында Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган ыш боюнча маселе көтөрүлдү. “Кара-Кече көмүрүн киргизбеш керек, ыштын 50%дан жогору себеби ошонун айынан” деген доолорду айтышты. Адис катары бул боюнча кандай ойдосуз?

-- Жогорку Кеңештин ыш маселесин көтөргөнү туура. Акыркы жылдары дүйнө коомчулугу да Бишкектин абасынын таза эместиги боюнча алдыңкы орунга чыгып жатканын белгилеп айтышууда. Бул жакшы эмес. Абанын булгануу себебин аныкташыбыз зарыл жана “Кара-Кече көмүрүнүн айынан ыш болуп жатат” деген ойдон алысыраак болушубуз керек. Кара-Кече “Кабак” көмүр кенинин ичине кирет. Ал жерде жыйырмадан ашык көмүр мекемелери бар. Бирок көмүрдүн баарынын курамы бирдей эле. Баары эле “бурый Б3” деген маркага кирет. Жогорку катмардагы жаңы казылып жаткан көмүр болсо, анын курамы, сапаты башкачараак болуп калышы мүмкүн. Ал эми Кара-Кече 1985-жылдан бери казылып келе жатат. Ошол жылдан бери үстүңкү катмардагы көмүрдүн баары алынып бүткөн. Ал жерде коэффициент вскрышасын 13 менен эсептегенде, көмүрдүн экономиканы көтөрө турган кору 190 миллион тоннаны түзөт. Жылына 1 миллион тонна колдонгон күндө деле көмүрдүн запасы көп эле. 

Кара-Кече көмүрүнүн негизги өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетели. Биринчиден, анын күлдүүлүгү 6%дан 10%га чейин жетет. Экинчиден, анда күкүрт бир пайыздын тегерегинде, нымдуулук катмары 15%га чейин. Андан тышкары учма заттар болот, алардын көлөмү 40 пайызга жакын. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын лабораторияларда текшерилип, Бишкек ТЭЦке берилгенде да аныкталып-такталып, параметрлери менен кабыл алынат. 1 кг көмүр күйгөндө канча килокалорий энергия бөлүп чыгарат? Кара-Кеченики 3,5-5 миң килокалорийге чейин жетет. Бул Кара-Кече көмүрүнүн техникалык сапаты. 

“Биз Кара-Кече көмүрүн эмес, Казакстандын Кара-Жыра же Шабыркүл көмүрүн алышыбыз керек” деген маселени карай турган болсок, ал жерде “ташкөмүр” деп коёт. Күрөң (бурый) көмүр менен ташкөмүрдүн айырмасы – ал көмүрлөрдө ысыта турган кубаттуулук көбүрөөк чыгат. Кара-Кечеден 3,5-5 килокалорий бөлүнсө, ташкөмүрдө беш миңден жогору. Мындайча айтканда, Казакстандын көмүрүнүн табы күчтүү. Анысы бар, бирок күлдүүлүгү 10%дын, нымдуулук 15-20%дын тегерегинде. Учма заттар Кара-Кечеде 40% болсо, Казакстандыкында 50%га жетет. Күкүрт 1%. Ал эми эң негизги ышка таасир бере турган көрүнүш: Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрүндө смола (чайыр) бар. Смола күйгөндө сөзсүз түрдө кара түтүн же көө чыгат. Кара-Кече көмүрүндө смола жок, көө чыкпайт. Экинчи жагдай, бүгүнкү күндө Бишкекте Кара-Кече көмүрү толук колдонулбайт. ТЭЦ толугу менен Кара-Кече көмүрүнө өтө элек. 

Акыркы жылдарга чейин жыл сайын 1 миллион 100 миң тоннадай казак көмүрүн колдонуп келебиз. Демек, 40-50 миллион доллардай акчаны Казакстандын көмүр өнөр жай тармактарына беребиз. Ал эми өз көмүр кендерибизди өнүктүрүүнү колго албай жатабыз. Бул маселе көтөрүлгөнү менен өзгөрүү болбой, акыркы жылдары гана бийлик тарабынан “Казакстандын көмүрүн албай, өзүбүздө казылган көмүрдү алалы” деген маселе коюлган. Кара-Кече көмүрүнөн көө чыкпаса, Казакстандын көмүрүнүн курамында смола болсо, экөөнүн кайсынысынын ышка тийешеси бар экени айтпаса да белгилүү. 

Экинчи жагдай, ТЭЦти Кара-Кече көмүрүнө өткөрө элекпиз. Акыркы 11 ай ичинде жылдагыга караганда азыраак, 1 миллион 100 миң тонна эмес, 435 тонна көмүр алыптырбыз. Ошондо Кара-Кече Бишкек ТЭЦте жагылган көмүрдүн 30%ын эле түзөт. Калганы Казакстандыкы. Демек, мунун түздөн-түз ышка тийешеси бар. Эгерде толугу менен Кара-Кеченикин жаксак, анан кайра эле ыш боло берсе,  кесепетин изилдешибиз керек. Экинчи себеби, Бишкекте эле 426 миң автоунаа катталган экен. Ошонун 85%ы 15 жылдан мурунку эски машиналар. Бишкектин ичинде эле ушунча автоунаа болсо, Бишкектин чет жактарында канча деген айылдар бар? Ал жактагы автоунаалар ышка канча пайыз таасирин тийгизүүдө? Муну дагы изилдөө шарт. Үчүнчү жагдай, бизге жакын жайгашкан Сокулук районунан кирпич заводуна чейин көптөгөн ушундай заводдор жайгашкан. Алар иштетип жатканда башкача түтүн чыгат. Булар дагы изилдөөгө ала турган өзүнчө жагдай. Булардан соң Кара-Кече көмүрүнүн таасири өтө деле чоң эмес экенин байкасак болот. 

-- Сиз цифралар менен биздин көмүр менен Казакстандын көмүрүнүн айырмасына токтолдуңуз. Бул жерде эмне кызыкчылыктар бар болушу мүмкүн? Жогорку Кеңеште депутаттар “Казакстандын көмүрүн колдонсок, 40% ыш маселеси чечилет” деген ойду айтышты. Бизде Казакстандын көмүрү жагылып эле жатканы маалым. Айрым депутаттар өз кызыкчылыгын көздөгөн жокпу?

-- Бул маселе жөндөн-жөн пайда болушу мүмкүн эмес. Себеби, учурунда раматылык Айдар Акаев бул маселе менен иштеп келген. “Миллион тонна көмүр киргизсең, ошол маселени чечип бергениң үчүн үстөгүнө ар бир тоннасынан 3 доллардан 10 долларга чейин пайда табасың” деген имиштерин укканыбыз бар. Учурунда Максим Бакиев да бул иштин үстүндө шугулданган. Кийин да сүйлөшүүлөр жүрүп, токтоп калды. Дагы ушул маселе уланышы мүмкүн. Мындайча айтканда, экономикага байланыштырып, тийешелүү органдар иштеп, тактап чыгышса болот. Адис катары айтарым, бир айда Бишкекте канча көмүр жагылганын, анын канча пайызы Кыргызстандыкы, канчасы Казакстандыкы экенин эсептеп, таасирин аныктоо зарыл.

Кара-Кече көмүрүн жаңы жагып жатканда эле кичине түтүн чыкпаса, жыгачтай эле болуп күйүп кетет. Анан анча-мынча эле күл калат. Казакстандын көмүрүнөн түтүн чыгат. Экөөнүн кайсынысы пайдалуу? Казакстандыкы таптуураак, бирок Кара-Кече таза көмүр. Депутаттар экөөнү тең айырмалап текшерип көрүшсө деле билинмек. 

-- Кара-Кеченин көмүрүн тыюуга негиз жокпу?..

-- Европа өлкөлөрү деле көмүр менен пайдаланчу ТЭЦтерди иштетип жатышат. Эгерде көмүрдү ылгап тазалоо жолуна өтүп, тазалоочу фабрикаларды куруп, атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтып колдонсок, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жеңилдетет. Экинчиден, эл ошол көмүрдү алып, ар кандай шарттар менен аны тазалап, жогорку натыйжалуулук менен колдонсо болот. Бишкектин ичи баары ошол көмүрдү пайдаланышууда. Биз эмне үчүн көмүрдөн брикет чыгарып, бул ишти жайылтпайбыз? Ошондой жолдорго барышыбыз керек. Эгерде тазаланган көмүрдү энергетика тармагында колдонуп, экологиялык жактан таза технологияларды ишке киргизсек, бул Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым кошмок. Ошондуктан, ушул маселени чечүү үчүн жаңы ыкмаларды колдонуп, жаратылышты коргоо менен экономикабызды көтөрүүгө болот.

Мен жогоруда ыштын себептерин далилдеп берүүгө аракет кылып көрдүм. Ыштын пайда болушунун биринчи себеби смоладан болушу мүмкүн. Биз өзүбүздүн өндүрүштү колдоого аракет кылышыбыз керек. 40-50 миллион доллар каражатты Казакстандын көмүрүн сатып алууга коротпой, өзүбүздүн көмүрдү ылгап, тазалап берүүчү фабрикаларды курсак, экологияга байланыштуу көп маселелерди чечип алмакпыз.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер