Акыркы кабарлар
» Саясат » Курманбек Осмонов башкалардай түрмөгө отуруп чыкса бышабы?
Курманбек Осмонов башкалардай түрмөгө отуруп чыкса бышабы?
05-май, 09:52

Бекболот Талгарбеков менен Исмаил Исаков түзгөн “Коомдук кеңеш” уюмуна ар багыттагы 51 адамдын мүчө болуп киргени белгилүү. Эч нерсе баштала электе эле Курманбек Осмонов сак-сактап, корко баштаганын уктук. “Көзү алаңдап калыптыр” дейт. Эгерде бийликке карата катуу билдирүүлөр, айбаттуу сөздөр айтыла баштаса эмне кылат? Чыга качабы? Негизи Талгарбеков менен Исаков капсалаңда артка тартышпаган, бийликке каршылык көрсөтүшкөн, түрмөгө да отуруп чыгышкан саясатчылар. Бара-бара оппозициялык кыймылга айланышса, курчуп кетишсе, артынан шек жараткан Курманбек Осмонов кыйналып калбайбы? Камалып кетпейби? Же башкалардай түрмөгө отуруп чыкса бышып, чыйралабы? Көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити