Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапония Баткенге жардам катары бир миллон доллар бөлөт

Жапония Баткенге жардам катары бир миллон доллар бөлөт

31-октябрь, 12:35
302 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жапония өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде бир миллон доллар жардам бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул маалыматты "Азаттыкка" Жапониянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарына жардам катары берилет.

"Жапон өкмөтү БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын жардамы менен тамак-аш, баш калкалоочу жай жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт" деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер