Эсенгул Исаков, экс-депутат: “Коррупцияга айыпталган адамды ким кызматка койсо, ал дагы жооп берсин!”

-- Коомчулукта сынга алынып, бийликтин беделине шек келтирген чиновниктерге кандай баа берилиши керек? Канткенде кадр саясатынын сапатын жогорулатса болот?
-- Канча камаса деле жеп-ичкен “келемиштер” туш-туштан чыгышып, түгөнбөй жатышынын себебин мен абдан ойлондум. Көрсө, адамзат өзү тойбойт турбайбы. Ошон үчүн Кытайда атуу деген чоң жазаны киргизсе да, аны да тоготпой жегендер бар экен. Бизде деле жеп-ичкендерди токтотууга катуу аракеттер жүрүп, коррупцияга каршы күрөш жарыяланып, мыйзамдар кабыл алынып, пара бергени да, алганды да жазаланары айтылып, алтургай коррупционердин өзү эле эмес, залакасы баласына, бир туугандарына да тийип, мамлекеттик кызматка алынбасы тууралуу талап коюлуп, чоң аракеттер жүрүп жатат. Эми коррупцияга аралашарда адам аң-сезими менен туюп, эмне кылып жатканын ойлонуп, анан ишти жасашы керек. Бизде болсо биринчи жасап алып, сотко алып барганда же камагандан кийин, кеч болуп калганда ойлонушууда.
Ошон үчүн кадр саясатын кылдаттык менен карашыбыз керек. Болбосо, уурулар азайбайт. Кыргызда “эски, унутта калган нерсени пайдаланган жакшы” деп айтылгандай, союз убагындагы кадрларды даярдаган жогорку партиялык мектепти колго алышыбыз керек. Себеби, андан өткөндөр жаман адаттардан тыш болот. Өзүн үлгүлүү алып жүрүүгө аракет кылат эмеспи. Тартипке ыктап, түз жүрөт. Кандай иш берилсе дагы жакшы мүнөздөмө алыш үчүн чын дилинен иштейт. Анткени, кызматтан кызматка көтөрүлүш үчүн мурунку жерде иштеген мүнөздөмөсү абдан маанилүү да. Кыскасы, алдым-жуттумга барбай, мекенин сүйүп, жеп-ичкенден алыс өсөт. Кызматтан жогорулаган адам баардык тепкичти басып өтөт. Биз дагы ошол жолду тандашыбыз керек. Болбосо эгемендүүлүктөн бери мамлекетти тоногонду адатка айланткандар көбөйдү. Ошон үчүн коррупциялык схемалар ишке ашып, аягы тыйылбай келет.
Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин “уурдап жегендердин баары өз элинин душманы, мамлекеттин чыккынчысы” деп айтканына кошулам. Буларды кармаганда “АКИ-пресске” эле чыгаруу аздык кылат. Булардын сүрөтүн массалык маалымат каражаттарынын баарына жарыялаш керек. Ошондой эле чоң ишеним менен берилген кызматты өз кызыкчылыгына пайдаланып, коррупциялык иштерге катышканы үчүн аны бул кызматка кимдер көрсөткөнүн, кимдер чуркап жүрүп койдурганын да коомчулукка ачык айтып, ал адамдын да атын жарыялоо шарт. “Сен сунуштаган кадр ушундай иштер менен алек болду. Сага да көлөкө түшүрдү” деп экөөнү бирдей кызматтан алып, жазага тартуу зарыл. Антпесек, алып-жулмай система токтобойт. Себеби, бизде коррупциялык өрчүп, бири-бири менен чырмалышып калган. Ошон үчүн соттордо дагы адилеттүүлүк, акыйкаттык жок.
-- Сотторду да камап, аларга ортомчу болгон адвокаттарды дагы лицензиядан ажыратып жатат го...
-- Адвокаттарды лицензиядан ажыратышканы менен соттордун көбү адилеттүү чечим чыгарбай жатышат. Ошон үчүн акыйкаттык издеп ыйлаган адамдар көп. Дагы деле соттор адвокаттар аркылуу жоопко тартыла турган адамдардан көбүрөөк акча алып, чындык ким тарапта экенин билип турса да алдамчыны актап коюп жатышат. Мына ушунун баары жөнөкөй элдин көз жашы да. Ошондуктан сот системасын толугу менен реформа кылыш керек. Элдик баалоочулар (народный заседатель) киргизбей жатышат. Алар процесске катышмайынча сот жалгыз өзү чече берет. Натыйжада, элдин нааразычылыгын күчөтүүдө. Эгер коррупцияны жоёбуз десек, президент Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич элди кошо тартышы зарыл. Ошондо анан жыйынтык чыгат. Болбосо ууруларды камап түгөтө албайт. Кармаганга чейин профилактикалык жумуштарды жүргүзүп, жогорку кадарларды даярдоо мектебин түзүп, таза муунду тарбиялоону колго алышы керек. Жогоруда айткандай, ал мектептен тарта баардык тепкичтерден жакшы көрсөткүч менен келиши шарт. Илгери ким коррупционерди жогорку кызматка көрсөтсө, ошол киши да жооп берчү. Азыр болсо кармалган киши эле күнөөлүү болуп, башкасы суудан кургак чыгууда.
-- Жаштардын жооптуу кызматтарга тартылышын колдойсузбу же каршысызбы?
-- Албетте, каршы эмесмин. Бирок, “парашют менен түшкөн” жаштар кызматка киришер замат уурдап-жеп жатышканына каршымын. Өкүнүчтүүсү, алар коррупциялык иштерди кызматка койгон адамдарга таянып жасап жатышат. Мындай нерсе такыр болбошу керек. Анткени, келген киши эле кызматка койгон адамга ишенип жеп-иче берсе, мамлекетибиз сазга батып калат. Алар бюджетти канчалык көбөйтсө, ошончолук көп уурдашат. Эл болсо турмуштун оңолгонун сезбей, баягы эле деңгээлден чыга албай, азаптан башы арылбай калат. Канчалаган жумушчу орундары түзүлгөнүнө кубанып жатсак, бул жагынан минтип жегендер азайбай арбыганы көп ойлондурат.
"Азия Ньюс" гезити