Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Америка менен Ирандын кагылышы дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурду”

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Америка менен Ирандын кагылышы дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурду”

10-январь, 02:56
1 059 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын мамилелери кескин курчуду өңдөнөт. Ушул жагдай боюнча сиздин ой толгооңузду угуп көрөлү дедик эле?

-- Бүгүнкү күндө АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Ирандын атайын кызматынын башчысы, таасирдүү генералы Касым Сулеймани Ирак мамлекетинде өлтүрүлгөндөн кийин эки мамлекеттин ортосундагы саясый мамилелелер абдан кескин түрдө курчуй баштады. Ансыз да буга чейин абал оор эле. Бирок, бул жагдай жадагалса үчүнчү дүйнөлүк согушту жаратуу абалына такагансып турат (!) деген пикирди бүткүл дүйнөлүк коомчулук коңгуроо кагуу менен билдирүүдө. Бул жерде Европанын жана башка мамлекеттердин коомдук жана саясый ишмерлери АКШ президентинин бу кылыгын сынга алууда. Ошол эле учурда Иран мамлекетинен террордук акцияларды кылып жибербөөсүн суранып атышат. Ушул окуядан кийин Иран бүткүл дүйнөлүк ядролук тынчтык программадан чыгып, бул жаатта ишти өздөштүрө тургандыгын билдиришти. Американын 32 объектисин бута катары сокку урабыз деп билдиришти. Буга жооп катарында Америка президенти “Ирандын 52 стратегиялык объектисин бутага алып койдук” деди. Эки мамлекеттин ортосундагы жаңжалдын кесепетинен мунай майларынын баасы көтөрүлүп, экономикалык кризиске себеп болуп, көптөгөн дүйнөлүк биржаларда индекстердин төмөндөп кетиши жөн бүтпөй, кандайдыр бир карама-каршылыктын алып келишин далилдеп турат. 

-- Бул чыр эки эле мамлекеттин ортосунда болоруна шек саноо бардай...

-- Албетте, эки мамлекеттин ортосундагы жагдай бери жагында Перси булуңунда чоң кагылышууга алып келиши мүмкүн. Себеби, кечээ эле Иран мамлекети Американын Иракта жайгашкан базаларына 12 стратегиялык ракеталарын жиберип, чоң жардыруулар болду. Ал жерде ким канча зыян тартканы толугу менен айтыла элек. Эми Америка жооп катары Жакынкы Чыгышта жайгашкан Иордания, Катар, Сауд Арабиясында, Түркияда, Кувейтте жалпы жонунан 50 миңдей аскерлери жайгашкан, мындан тышкары, эки миңдей аскерин Иракка жиберип жатат. Демек, Иранга каршы чоң сокку даярдалууда. Америка президенти эң акыркы үлгүдөгү ракеталарын Иранга колдоно турган сөзүн да айтып кетти. Эки мамлекеттин ортосундагы болуп аткан жагдай боюнча ири державалар Россия, Кытай өздөрүнүн позициясын азырынча билдире элек. Бүгүнкү күндө экөөнүн ортосундагы карама-каршылыктары жөн бүтпөй, Иран өздөрүнүн толук мүмкүнчүлүктөрүн колдонгонго шарт берет. Алардын “уктап” жаткан ячейкалары, аларга караштуу “Хезболлах” аттуу террористтик уюмдун мүчөлөрү ошол эле Батыш Европада, ошол эле АКШда болушу мүмкүн. Алар буйрукту гана күтүп жатышы ыктымал. Ошон үчүн бүгүн бул окуя бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдардын үрөйүн учуруп тургандай. 

 -- Атамбаев өз убагында Американын базасын чыгарып салбаганда, алардын аскер учактары бизден Иран тарапка карай учуп турмакпы?

-- Американын базасын чыгаруу жеке эле Атамбаевдин ыктыяры менен эмес, ал учурда АКШ менен Кыргызстандын ортосунда келишимдер 2014-жылы бүткөн. Экинчиден, 2013-2014-жылдары Афганинстандан өздөрүнүн көптөгөн армияларын алып чыгып кетишкен. Үчүнчүдөн, Американын максаты – Кыргызстандагы базасын калтырып калуу келишимдерде бизге төлөй турган акча каражаттарын жогорулата алган жок. Себеби, дүйнө жүзүндөгү жайгашкан башка база акыларын Кыргызстанга караганда 3-4 эсе көп төлөгөн. Андан тышкары, биздин мамлекет ОДКБ, ШОСко киргенден кийин ич ара бул уюмдарга кирбеген мамлекеттердин аскерий базасы болбош керек (!) деген макулдашуу болгон. Ушулардын баарын эске алганда, Американын биздеги базасы чыгып кетиш керек болчу. 

-- Кокус, Американын базасы Кыргызстандан чыгып кетпегенде эмне болмок?

-- Анда Кыргызстандын ЕвразЭС, ОДКБ, ШОС уюмдарындагы мамлекеттер ортосундагы мамиле кыйыныраак болмок. “Кыргызстандан учкан Америка самолеттору, аскерлери жөн эле жата бермек” деп эч ким кепилдик бермек эмес. Бирок, АКШнын куралдуу күчтөрү атайын учкучу жок камикадзе самолетторду колдонуп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Жогоруда айтып кеткендей, Перси булуңунда жайгашкан Иордания, Катар, Кувейт, Түркия, Ирак болуп 50 миңден ашуун аскерлер Кыргызстанда жайгашкан авиабазага карата алардын учактары жакын болуп, Иранга сокку урганга мүмкүнчүлүктөрү абдан чоң. Андан тышкары, Перси булуңда №6 блоктун деңиз аскерлери жайгашкан. Авианосецтен (учак конуучу кеме) деле Иранга учуп чыгуу жагы бар. 

-- Чырдын башы эмнеден чыгып атат?

-- Иран менен Американын ортосундагы карама-каршылыктар бүгүн эле чыга калган жок. Акыркы 2-3 жыл ичинде катуу кармашуулар болуп атты. Америкада “Сланцевая нефть” деп коюшат, запастары бүтө баштады. Иран акыркы убакта нефтиге бай өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Бир кездерде Америка БУУнун мыйзамдарына карабай эле Иракка кол салып, талкалап кирип келген. Иранда болуп жаткан окуялар ошол эле сценарийди кайталап атканы көрүнүп турат.               



Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

  "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер