Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Италияда үйлөр бир долларга сатылууда

Италияда үйлөр бир долларга сатылууда

02-февраль, 18:23
1 404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Италияда үйлөр кайрадан бир еврого сатыла баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италиянын түштүк тарабындагы Фоджа провинциясындагы Биккари коммунасынын мэри аталган аймакта калктын саны азайгандыктан, үйлөрдү бир еврого сата тургандыгын жарыялады. Бирок үйдү сатып алган адам үч жыл ичинде турак жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек.

Биккари коммунасы Апулиянын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан. Азыркы учурда эки миңге чукул калк жашайт. Аталган аймакта жаш муундар башка чоң шаарларга жумуш издеп кетип калышкан. Калктын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн улгайган адамдар түзөт. Калктын санын көбөйтүү жана Биккарини жандандыруу максатында мэр Жанфилиппо Миньон Италиянын башка шаарларын туурап, үйлөрдү бир еврого сата тургандыгын жарыялады.

Жергиликтүү тургундар башка аймактарга кетүүнү улантып жатат. Алардын көпчүлүгү бул жакка кайра кайтып келишпейт. Мындан улам үйлөр бош калууда дейт аталган аймактын мэри Жанфилиппо Миньон.

Мындан тышкары, ал аймак кооз жаратылышы менен мактанууга арзый турганын кошумчалап өткөн.

Биккари Дауния тоолору, жыш токойлор, талаалар, зайтун бактары жана көл менен курчалган. Ал жерден Адриатика деңизин, Тремити аралын көрө аласыз деп кошумчалап өткөн Жанфилиппо Миньон. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер