Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кышында туфличен жүргөнүмдү кайын энем көрүп...

Кышында туфличен жүргөнүмдү кайын энем көрүп...

10-январь, 03:07
2 566 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки балам эски курткасынан үшүп калган... Деги мындай болчу эмес эле, бирок бул жылы акчадан жакшы эле кыйналдык. Шаарда батирде турабыз. Эки балабыз бар. Күйөөм бир айдан бери жумуш издеп убара. Учурда жалгыз иштеп жүрөм. Алты миң сомду бир айга эптеп чоюп жашап жатабыз.
 
Кышкы кийимди бери кой, көмүр алганга акча жок. Электр мешин түндө өчүрүп, кабат-кабат жууркан чүмкөнүп жатып алабыз. Балдарым бала бакчага барат. Кыска келип калганына карабай эски кийимдерин кийгизип жиберем. Күйөөм шабашка чыккан жерге чуркап жөнөйт. Өзүм бейтапканада санитаркамын. Экөөбүз тең пенсионер ата-энебизден жардам сурагандан уялдык.
 
-- Алмагүл бутуң үшүгөн жокбу?
 -
- Жок.
 -
- Койчу ай, карда жука туфли кийип жүрөсүң.
 -
- ...
 -
- Этият бол эми, кулап түшпө.
 Кесиптештерим жарама туз себишкенин койбоду. Эми, өздөрү деле ойлошпойбу,
жок болгон үчүн кийип жүрөт деп.
Ал күнү кайын энем келбесе эмне болмокпуз билбейм.
Жумуштан кийин балдарды бала бакчадан алып, көңүлүм жок үйгө бараткам. Көчөнүн башынан эшигибиздин түбүндө кайын энем турганын көрдүм. Бизге айттырбай айылдан келип калыптыр. Бут кийимим тайгак, чуркай алсамчы. Эки балам эски курткасынан үшүп калган. Кебетебизди көргөн кайын энем шок болуп калды.
 
-- Алда балам ай, бул эмнеси? Бутуңа суук тийди го. Ооруп калсаң эмне болот? – деп таңыркай карады. 

-- Апа кандайсыз? Келиңиз…
 Мындан башка эч нерсе дей албадым. Үйгө киргизип чай койдум.
Бүгүн балдарымдын курсагын кантип тойгузам? деп отурдум эле, кайын энем ала келген этти астым. Балдарым чоң энеси берген таттууларды жеп жыргашты. Кыйналып жатканыбызды ыйлап айттым. Апам көз жашымды аарчып, кучактады. Күйөөм келди.
 
-- Ой апа, келип калдыңызбы?
 
-- Чакырбасаң келем да. Айланайын, бала эмес эле балээ болдуң! Намыстанбай үйгө келип эт-пет алып кетпейт белең? Сен го мейли чоң кишисиң, бул балдарың, аялың кантти? Үй-бүлөңдү бага албасаң, эмнеге үйлөндүң?
 -
- Апа, силерди кыйнабайын да.
 
-- Биз эмне кыйналмак элек? Келинимди карачы? Байкушум көк музда таманы жука туфли кийип жүрөт. Бир өтүк алып бергенге жараган жоксуңбу? Ден соолугу эмне болду?
-- Апа?..
-- Болду бүтүр!
 Ал күнү жыргап курсагыбыз ток жатты. Эртеси кайын энем ой-боюма койбой базарга алып барып, чогултуп жургөн пенсиясына өтүк, куртка алып берди.
 Күйөөм менен балдарды да унуткан жок...
 Апамды айылга салганы бардык, жөнөп жатып бизге кайрылды:

-- Балдарым, башыңарга келген кыйынчылыкты татыктуу өткөргүлө. Караңгыдан кийин жарык болот, жакшылыктан үмүт үзбөгүлө. Бири-бириңерге тирек болгула. Омийин, жолуңар ачылсын”, - деп батасын берди. 

Эртеси айылдан бир койдун эти менен көмүр, бир аз тыйын-тыпыр келди. Кайын энем менен кайын атам салып жибериптир.
Көп өтпөй күйөөм акчасы жакшы жумуш тапты.
 Эгер ошол күнү кайын энем келип жылуу сөзүн айтпаса эмне болот эле? Күн сайын жатаарда ушундай кайын энем бар экенине шүгүр кылам.
Апа, мен сизге абдан ыраазымын...” деп жакшы тилектеримди жолдойм...


Жибек Эркинбекова

Bilesinbi.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер