Айнура Сагынбаева: “Улуттун эртеңкисине кам көрүп, төшөк маданиятынан кабар берели”
-- Айнура айым, социалдык тармакта муфтияттын сизге берген эскертүүсү катуу талкуу жаратты. Ишмердүүлүгүңүзгө кандайдыр бир деңгээлде тыюу салып коюшкан жокпу?
-- Муфтияттын эскертүү бергени чын, бирок ишмердүүлүгүмө таптакыр тыюу салды деп айталбайм. Менин аракеттерим муфтият тыюу салган иш менен эле чектелбейт. Ансыз деле “сексологияны токтотоюн, төшөк маселесинде талкуулай турган 5-6 эле тема бар экен” деп курс жазып койгом. Тагыраагы, бул маселени аларсыз деле токтотмокмун.
Бирок, муфтият менен да кеңеше турган иштерим бар болчу. Мен чыгынгыча эле көңүл буруп калды. Бул да Кудайдын буйругу. Мени ар кандай жазып каралашса да, бирок Кудай сүйгөн адаммын. Кудай жүрөгүмө салган ишти кылам. Сексологияга дагы жөн жерден келген эмесмин. “Ушул тармактагы маселелердин чечилишине жардам берейин, коомдогу зордук-зомбулуктун азайышына салым кошоюн, жаштарга туура түшүнүк берип, элдин психологиясын, ой жүгүртүүсүн жакшы нукка бурайын” деген максатта келгем.
-- Муфтият кайсы видеоңузга териккенин биле алдыңызбы? Же баардык эле видеоңуз алардын ишмердүүлүгүнө залакасын тийгизип жатыптырбы?
-- Муфтият кайсы видеого эскертүү бергенин мен деле билбейм. Мага асылып жаткан фанаттар төшөк маселеси жөнүндөгү баардыгын эле “туура эмес, зынага үндөйт” деп бурмалап жатышкан. Ошон үчүн кайсы видеом үчүн эскертүү беришкенин так билбейм.
-- “Муфтият коомдук уюм. Бирөөгө эскертүү бергидей укугу жок. Моралдык жагын алганда, Кудай алдында ар ким өзү жооп берет” деген пикирлер да арбын айтылууда. Бул боюнча кандай ойдосуз?
-- Туура, муфтият Конституция эмес. Бирок мен мусулман болгондуктан, өзүм жашап жаткан мамлекеттин диний башкармалыгына баш ийишим керек. Ошон үчүн алардын эскертүүсүн кабыл алдым.
-- “Шибегени капка ката албайсың”, Айнура зарылчылыктан улам айтып жатат. “Зынага үгүттөө” дегениңер менен балдарга төшөк маданиятынан түшүнүк бериш керек” дегендер да бар. Буга не дейсиз?
-- Жаштарга төшөк маданиятынан сөзсүз түшүнүк беришибиз керек. Ошол түшүнүктүн жоктугунан өлкөдө зомбулук күч алууда. Мен андай жамандыктын алдын алууну, келечекке кызмат кылууну ойлогом. Себеби, жүрөк үшүн алган зомбулуктун баары төшөк маданиятынын жоктугунан адамдар физиологиясын, органдарынын иштөөсүн түшүнбөгөнүнөн болууда. Мен ошол жагынан адамдардын аң-сезимин өстүрүп, түшүнүк берүүгө далалаттандым. Өздөрүн Кудай жолунда жүргөндөй сезген адамдар менин түпкү максатымды түшүнбөй эле жаштарды бузукулукка мен түртүп, ыймандан чыгарып жаткандай кабылдап жатышат. Чынында менин максатым, тилегим алар ойлогондой эмес, элге кызмат кылуу.
-- Молдолор тыюу салса да, коомдо зарылчылык болгон үчүн сиздин видеолор миллион жолудан көрүлүп жатса керек. Муфтият сизди тыйган менен маселе жабылып, көйгөй чечилип калбайт да, туурабы?
-- Туура, молдолор тыюу салганы менен бул маселени капка ката албайсың. Орчундуу болгону үчүн, бул темаларга талап чоң үчүн ар бир видеом миллион жолудан көрүлүп жатса керек. Мен элди алдап же ыплас ишке үгүттөгөн жокмун. Тескерисинче, келечекке пайдалуу иш кылып, “эркектерди тукумсуздуктан сактап калалы, зомбулукту азайталы, жаштарга туура багыт берели, үй-бүлөлүк институттун бекемделишине салым кошолу, улуттун эртеңкисине кам көрөлү, төшөк маданиятынан кабар берели” деп коңгуроо кагып жатам.
Туура, ислам – таза дин, ага шек келтиргим келбейт. Бирок, ошол динди бетине кармап, жандүйнөсүн агрессияга толтуруп алгандардын көп экени мени өкүндүрөт. Ошол агрессия аялды тебелеп-тепсетип, жамандыкка жол ачып жатат...
-- Максатыңыз деле жаман эмес экен, намаз деле окуйт экенсиз. Эмнеге сизге динчилдер мынча каршы чыгышты?
-- Мен да намаз окуйм, Кудайга ишенем. Кудайдан улук эч нерсе жок экенин билем. Бирок, менин айткандарымды бурмалагандар чынында көбөйдү. Көрсө, адам баласы баардык нерсени деңгээлине жараша түшүнөт экен. Мен светтик адам катары “кирпик, каш, макияж менен чын дилимден намаз окусам болот” деген ойдомун. Тилекке каршы, динчилдер “сеники туура эмес” деп чыгышты. Кудайга чын дилинен ишенип, жалынсаң болот да. Таңгалганым, мага окшогондорду тыйгандар динге келген адамды жолунан адаштырып, кайраштырып жатышат. Бирдеме десең эле бүттү. “Мен айтканга милдеттүүмүн. Сен динге, жоолукка асылба” деп чыгышат экен. Чынында дин ыйык. Өзүн Кудайга жакын сезгендер таза жүрүп, туура сүйлөп, оозунан жаман сөз да чыкпашы керек. Жакындарына карамдуу, боорукер болушу керектигин билбегени өкүндүрөт. Менин стористеримден, видеолорумдан кийин көп адамдар “болду, эми намаз окууга аракет кылам” деп жазышчу. Билишсе, адамдарды динге алып келип жатпайымбы. Сындагандар ошону түшүнбөй, мени ыймансыздай сүрөттөшөт. А чынында элди ыйманга чакырып, үй-бүлөдөгү гармонияны бекемдөөгө салым кошуудамын.
-- Мурда айымдарды ажарлуу кылчу элеңиз. Сизге кайрылгандардын көбүнөн сексопатолог болуп кеттиңизби?
-- Туура алгач медициналык клиника ачкам. Ал жерде пластикалык хирургия жасалат. Системага салып койгом. Азыр иним иштетет. Мен болсо жандүйнөмө жаккан нерсе менен иштеп жатам. Адамдарга жардам берүү, алардын жандүйнөсүн дарылоо жүрөгүмө жакын иш экен. Ошон үчүн ушул тармакка өтүп кеттим. Мен башында эле психиатр болууну тандагам. Апам “жинди болуп каласың” деп ординатурадан алып кетип калган. Бирок, мен болбой эле психологияга, психиатрияга баратам.
-- Сизди “батышчыл, бир жыныстагыларды жактайт, эркектердин делебесин козгоп, ыймандан чыгарган жоруктарды үйрөтөт” деп сүрөттөшөт. Бул дооматка кандай жооп бересиз?
-- “Батышчыл” деп түшкө кирбеген дооматтарды коюу – мени каралап жаткандардын фантазиясы. Мени жамандап жаткан ар кандай курактагы кишилер өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн жанталашууда. Алардын эч кандай динди ойлоп, мусулмандарга кам көргөнүн көргөн жокмун. Анткени, жамандап, баардык тармакка чыгарып жаткан балага жазып, жооп алалган жокмун. Алар чындап динди туу тутса, “келиңиз, түшүндүрүп берейин” демек да. Менин айткандарымды каалашынча бурмалагандар менин видеолорум аркылуу өздөрүн пиар кылып, катталуучу топтоонун гана аракетин көрүшүүдө. Эл болсо алардын манипуляциясына алданып, пикирлерин өзгөртүшкөндөй. Бирок мен психологмун. Ар бир кыймыл аракеттин аркасында эмне турарын жакшы түшүнөм.
-- “Жаныбарлар деле кандай учурда кошулушту, кайсы убакта туушту билишет. Жаш балдарды жолдон чыгарып, жабык теманы ачык жарыялап, жалпак тил менен түшүндүрүүнүн кажети жок” дешет. Буга не дейсиз?
-- Биздин убакта бул нерсеге тыюу салынганы менен “зына, күнөө” деп бир жактуу коркутуу жок болчу да. Бул тема жабык болсо деле китептерди бири-бирибизден алып окуп, ал нерсе боюнча кабардар элек. Азыр болсо маалымат алайын десең да коркутуулар күчөп жатпайбы...