Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттикке талапкерлердин саны 24кө жетти. Алар кимдер? (Тизме)

Президенттикке талапкерлердин саны 24кө жетти. Алар кимдер? (Тизме)

13-ноябрь, 16:54
702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 24кө жеткендигин БШКдан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин талапкерлигин койгон Бакыт Бакетаев Боршайкомго президенттик шайлоого катышуу максатында тапшырган документтерин кайтарып берүү үчүн кайрылган.

Аттангандар болсо:

Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;

Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;

Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;

Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү;

Арстан Алай — жаңы Кудай;

Мыктыбек Арстанбек – “Халал” индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;

Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;

Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;

Канатбек Исаев — ЖКнын экс-төрагасы, депутат;

Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;

Кубан Чороев — экономист;

Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;

Назарбек Нышанов — активист;

Нурлан Мотуев — Көмүр королу;

Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;

Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;

Токтайым Уметалиева – Ай-Данек” гезитинин редактору;

Элеонора Турдубекова – Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;

Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;

Урустам Кабылбеков – Г.Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;

Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;

Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;

Жамбылбек Камчиев – куудул;

Арсланбек Малиев – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер