Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Менимче, адабиятта кайрадан жандануу байкалууда”
-- Нуржигит мырза, баягүнү Жогорку Кеңеште адабият өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Акын-жазуучулар кандай көйгөйлөрдү айтышты?
-- “Ыйман нуру” фракциясы “адабият жаатында кандай өнүксө болот?” деген демилге көтөрүп, акын-жазуучулар менен жолугушуу уюштурдук. “Дүйнөгө Айтматовду берип, дайыма алдыда жүргөн адабиятыбыз эмне үчүн азыр ушундай акыбалда?” деген маселени талкууладык. Аны канткенде жакшыртабыз? Ушунун тегерегинде ой чогулттук. Албетте, ар кандай ойлор, сунуштар айтылды. “Мурдагыдай акын-жазуучуларга квартираларды бериш керек” деген да сунуштар болду. Бул албетте, азыркы шартта реалдуу эмес го деп ойлойм. Бирок, авторлордун китептерин чыгарып, эл аралык форумдарды өткөрүп, дүйнөлүк аренага алып чыгып, акын-жазуучуларыбызды дүйнөгө таанытканга мүмкүнчүлүк бар. Мында мамлекетибиздин жардамы аябай керек.
-- Ооба, сиз айткандай, турак жай менен камсыздоо кыйындыр. Бирок, авторлордун китептерин чыгарып, аларга калем акы берүүнү ишке ашырса болот экен го?
-- Ооба, сатуу жагын уюштуруу керек. Азыр акын-жазучулар китептерин өздөрү чыгарышып, баардык түйшүктөрдү артынышып, өздөрү презентациялып жүрүшпөйбү.
-- Мындан бир топ жыл мурда “Кыргыз китеп” деп аталган атайын ишкана ачылды эле. Бирок, ал күтүлгөндөй натыйжа бербеди. Анын ишин кайра жандандыруунун айласы барбы?
-- Ал тил саясатын өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында, адамдарды китепке кызыктыралы (!) деген жакшы ниет менен даярдалган долбоор болчу. Бирок, азыр “Бир адамдан бир китеп” сыяктуу коомдук долбоорлор иштеп жатпайбы. Анча-мынча жаш акындар лира кечелерин билет саттырып өткөрүп жатышат. Менимче, адабиятта кайрадан жандануу байкалууда. Менин оюмча, котормону жандандыруу керек болууда. Эгер мамлекет ушул жагын каржылап, эң мыкты авторлор чет тилдерге которулса, кыргыз адабияты дүйнөлүк алкакка чыкмак. Эгер “биз которуп беребиз, кийин дүйнөлүк рынокто сатылганда сен эки эсе кылып кайтарып бересиң” деген шарт менен жасаса, авторлор макул болушмак. Себеби, биз дүйнөнү кылыч менен эмес, акыл, адабият менен багындырган элбиз. Ушул жолду улап кете беришибиз керек. Азыркы учурда биздин чыгармачыл адамдардын арасында Давид Кугильтинов, Мустай Карим, Кайсын Кулиевдер кантип эле жок болсун? Бар, албетте. Болгону, алардын чыгармалары башка тилдерге которулган эмес, аларды дүйнө тааныбайт. Айтматов деле орус тилинде жазбаганда, балким, аны дүйнө эли таанышы кыйын болмок...
"Азия Ньюс" гезити