Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Орозалиев: “Ижара, батир акысын сурабай туруңуздар”

Алмаз Орозалиев: “Ижара, батир акысын сурабай туруңуздар”

22-апрель, 12:37
640 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

22-апрелде өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

"Урматтуу шаар тургундары, шаардын аймагында ижара батирлеринде көп жарандар жашайт. Алар өзгөчө абалдын талаптарын сакташып, үйлөрүндө отурушат. Ошондуктан алардын укугун бузбай, колдон келишинче өзгөчө абал бүткөнгө чейин, аларга түшүнүү менен мамиле кылсаңыздар.

Мындан тышкары, ижарага алып иштеткен дүкөндөр азыркы абалга байланыштуу толук кандуу иштей албай жатышат. Анткени алар да өзгөчө абалдын талаптарын сакташып, үйдө отурушат. Ошондуктан ижарага бергендерге кайрылат элем, сиздер да убактылуу ижара акысын сурабай, колдон келишинче аларды түшүнүү менен карасаңыздар", - деди комендант.

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер