Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус планетанын 60 пайыз жашоочуларына жугабы?

Коронавирус планетанын 60 пайыз жашоочуларына жугабы?

19-март, 20:48
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча адиси Елена Малиникованын айтымында, бул вирус 1965-жылдан бери белгилүү. Бирок, андан бери чоң өзгөрүүгө учурады. Ошол эле учурда коронавирустун мутациясы дарыларды колдонууга байланыштуу эмес. Оорудан айыгып чыккандарда туруктуу иммунитет болбойт, ошондуктан, бейтап кайра эле ооруп калышы мүмкүн. Коронавирус ОРВИге окшош болгону менен ал кыйла оор формада өтөт. 

Ал эми Австралиянын улуттук университетинин окумуштууларынын пессимисттик прогнозу боюнча, 2020-жылы эле бул илдетке 15 миллиондой киши чалдыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк экономика 2 трлн. доллар чыгым тартышы ыктымал. Алар мындай божомолду айтууда 60-жылдардын аягында 1 миллионго жакын өмүрдү алган “Гонконг гриппи” боюнча маалыматтарга таянышкан. 

Адистер окуялардын мындан аркы уланышы боюнча жети вариантты айтышат. Алардын үчөө боюнча, эпидемия Кытайда көпкө созулат, бирок, бул вариант талаштуу. Себеби, илдет Италияда, Иранда, Түштүк Кореяда жана Японияда да күч алып жатат. 

Гарварддык эпидемиолог Макс Липсич да австралиялык кесиптештеринин пикирине  кошулуп, бул илдет планетанын жашоочуларынын 20-60 пайызына жугушу мүмкүндүгүн божомолдойт. 

Кытайлык көрүнүктүү эпидемиолог Чжун Наньшань 10-мартта коронавирустун дүйнө боюнча жайылышы 2020-жылдын июнь айынын этегине чейин созулушу мүмкүн экенин  билдирди. Ошондуктан, окумуштуу Пекин чек араларда санитардык көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш экенин билдирген. 

Бирок, кытайлык да, россиялык да, же америкалык да окумуштуулардын эч кимиси коронавирустун эпидемиясы качан токтоорун так айта алышкан жок. Себеби, кырдаалдын мындан ары кандай өнүгүүсү бир топ моменттерге байланыштуу. Көп нерсе  вакцина канчалык тез даярдалганына байланыштуу болот. Азырынча вакцина жок, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ал эң азы 18 айда даяр болот. Эгер дары бат даярдалып, муктаж болгон өлкөлөргө тийип калса, ооруну 2-4 айда жойсо болот. А эгер жогоруда айтылгандай, 18 айга созулуп кетчү болсо, анда оору жуктургандардын саны бир топ көбөйүп, профессионал врачтар жетишпеген үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнө кыйын эле болот. 

Дмитрий Ивановский атындагы вирусология илим изилдөө институтунун профессору Михаил Шелканов оорунун күчөшүн көзөмөлгө алса болорун айтат. Анын пикири боюнча, оорудан өлгөндөрдүн саны 2-3 пайыздын деңгээлинде сакталат, бул анчалык көп эмес. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер