Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыйрал кыргыз элим, адамзаттын келечеги бүдөмүк...

Чыйрал кыргыз элим, адамзаттын келечеги бүдөмүк...

03-апрель, 01:12
1 253 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кайрылуу)

Урматтуу кыргыз элим!

Эл аралык аналитикага таянсак, коронавирус апаатына байланыштуу дүйнө акыбалы оорлоп баратат. Зор мамлекеттер чек арасын бекитишип, байланыштарын токтотушуп, карантинге отурушту -- тыянагында дүйнө экономикасы кыйрап баштады. Итальяндар акчаларын көчөгө чачышып, Латын Америка элдери ачык тономойчулукка өтүштү... Ошондуктан, бул кырсыктын ар түрдү версиялары пайда болду: 

1. Чалгындоо кызматтардын алгачкы биологиялык согушу. Эми лабораториядан чыгып кеткен вирус ордуна кайтпайт, токтобойт. Мутация болуп, улам-улам өзгөрүп, улам жанып, жер кыдырып турат. 

2. IT-спецоперация 5G-санарип. Бул толкундар адамдын “межклеточный обмен” функциясын жок кылат экен. Ошондон адамдар көчөдө басып баратып кулап, а чымчык-куштар учкан бойдон мерт кетишүүдө. Уханда муну түшүнгөндөн кийин 5G-санарипти өчүрүшүптүр, ошондон кийин эл сакайып баштаптыр. Азыр Америкада билгендер антенналарды сындырып башташыптыр...

Бул тымызын ыкмалардын максаты -- атайын дүйнө экономикасын кыйратып, ажал жана ачарчылык менен адамзаттын санын азайтуу экенин эксперттер айттышты. Баардыгы тымызын жана амалдуу болгон соң, бүгүн бир да медик, президент, эксперт же илимпоз – бул апаат качан бүтөрүн айталбай турушат.

Кыргызстан дүйнө экономикасында салмак-салымы дегеле жок мамлекет, анткени, биздин улуттук чарба эчак кыйрап калган. Бүгүн бизге керек-жарак жана тамак-аштар 80% импорт жолу менен четтен келет. (Кыргыздар 30 жылда медикалык маска жана тиш чукугуч чыгаралбай келди, башкасына сөз жок.)

Ошондуктан, эгерде дүйнө экономикасы кыйраса, жер жүзүндө бара-бара чоң ачарчылык башталат. Гумжардамдар кыскарат, карыз-кредиттер келбейт, четтен акча салынбайт, кыргыз мигранттарынын 70% Кыргызстанга кайтып келет, ачарчылыкта бөтөн жерге кыргыздар батпайт. Элдин дооматтары бийликке барып урулат. Кыскасы, мурдагыдай бейкапар жашоо токтойт. 

Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар! 

Эсибизге эртелеп келели, чыйралып, айыл-чарбага кайталы. Карантинди болушунча сактайлы, бирок жер айдоо жумуштарын бул жаздан үзбөйлү – күз бат эле келет. Шаар ичиндеги 3 сотка жерге дагы азык-түлүк өстүрөлү, анткени келечек бүдөмүк. Эгерде импорт-экспорт басаңдаса, биздин экономикабыз Кыргызстан ичинде гана айланып калат, балким бартерге өтөбүз. Мындай акыбалда эң биринчи байлык нан болот. Элибиз ток болсобаарын жеңебиз! 

Келечекке тик карайлы!
 Чыйрал кыргыз элим, алды
ңда өтө кыйын заман турат


Турат Акимов, саясат талдоочу

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер