Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Акыйкатчыны кетирүү туңгуюкка такалгандан улам, тийешелүү комитетке жиберилген”
-- Дастан Артисбекович, Жогорку Кеңеш акыйкатчыны кызматтан кетирүү боюнча чечимин кабыл албадыбы. Добуш берүүнүн алдында сиз “комиссия түзүлүшү керек болчу” деп айттыңыз. Ал кайсы мыйзамда каралган?
-- Акыйкатчыны шайлоонун, кызматтан кетирүүнүн өзүнүн тартиби бар. Акыйкатчы институту Жогорку Кеңешке түздөн-түз байланышкан орган. Аны шайлаганда биз процедурасын колдонуп шайлаганбыз. Башмыйзамда “акыйкатчы Жогорку Кеңешке жылдык отчетун берет” деп көрсөтүлгөн. Андан тышкары, акыйкатчынын өзүнүн атайын мыйзамы бар. Биздин Жогорку Кеңештин регламентинде да биз шайлаган органдардын жетекчилерин кызматтан алуунун жол-жоболору каралган. Анан өткөндө акыйкатчы өзүнүн жылдык отчетун берди. Аны кетирүү маселеси келип чыкканда, ар бир депутат өз көз карашын билдирди. Кантип кетирүү маселесинде туңгуюкка такалгандыктан улам, тийешелүү комитетке жиберилген. Ага чейин профилдик комитет “акыйкатчынын баяндамасы эске алынсын” деп тыянак чыгарып, маселе палатага киргизилген болчу. Негизи туура эле келген. Акыйкатчы баяндама жасаганда депутаттар аны кабыл алат же кабыл албайт. Эгер кабыл албай койсо, милдеттүү түрдө кызматтан кетиши керек. Процедурасы ошондой. Андан башка да жол-жоболору бар. Мисалы, өзүнүн каалоосу менен кетсе, кылмыш ишинин үстүнөн кармалса, же ден соолугуна байланыштуу бошосо. Акыйкатчы жөнүндөгү атайын мыйзамда да “эгерде ал өз ишин аткара албай жатат” деген мааниде кайсы бир фракция чечим чыгарып, комитет аркылуу палатага келип түшсө, ошол учурда фракциянын дооматтарын аныкташ үчүн комиссия түзүлүшү керек. Азыр да ошондой болду да. “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы ишеним көрсөтпөй койду. Мен ошону айттым. “Процедурасын карайлы. Комиссия түзүлбөй эле чечим кабыл алынып калса, эртең сотко бериши мүмкүн” дедим.
-- Бирок, төрага “эгер Жогорку Кеңеш акыйкатчынын отчетун кабыл албай койсо, анан комиссия түзүлөт” дебедиби?
-- Жогорку Кеңеш баяндамасын кабыл албай койсо, автоматтык түрдө эле кетет. Анда комиссия түзүүнүн кереги жок.
-- Ошондо “процедура бузулду” деп тыянак чыгарсак болобу?
-- Эгер жанагы мен айткан мыйзамдарга туура келсе, анда процедура бузулду. Аны кетирип-кетирбөө, ал адамдын жеке эмесине эмес... Мен мыйзамдуулукту эле талап кылып атам. Ошону эле айтып койдум стенограмма үчүн.
"Азия Ньюс" гезити