Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атахан Кожогулов: Бир жолумда түз баратып, жаңылгам...

Атахан Кожогулов: Бир жолумда түз баратып, жаңылгам...

01-февраль, 16:14
3 585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

***

Бир жолумда түз баратып, жаңылгам,

бир жолумда согулгам да, кагылгам.

Келемин деп, келбей койгон досумдай,

күндөр өттү бороон урган, кар урган!

Кээде келип, кейибеске кейигем,

кемтигим таап, өзүмдү өзүм жээригем.

Келе жатам тар дүйнөнү кеңейтип,

кубат алып сенин гана демиңен.

Ишенгеним колун үзүп кеткендей,

ишенгеним айтканынан кечкендей.

Келе жатам билер чакта билалбай,

карайладым көрөр кезде көз көрбөй.

Билгендерим билик болуп бербеди,

билгендерим билер кезде келбеди.

Ырыскыдай бакытыма буйруган,

ырлар гана жүрөгүмдү термеди.

Келе жатам жолум бороон, бурганак,

көз тайгылып басар кадам буйдалат.

Кумар күчү көөлгүп турат демимде,

көрө албадым ырдан кымбат, ырдан ак!

Ак сөзүмдү актап берер саптарым,

ак булуттай чындыгыман жазбадым.

Кадырыңа жетер айткан асыл сөз,

капа кылып кеткенимди айтпагын!

Күүсүн төгүп күйүтүмдөн сөгүлдүм,

көзүң барда өлбөчүдөй көрүндүм.

Көрөр күнүң, жазган ырым жаркытсын,

кан жолуңа тийип турсун өмүр күн.

Бир жолумда албуут дайра иримдеп,

бир жолумда жаратканым ийиндеп,

келемин деп, келбей кеткен досумдай,

күндөр өтүп бара жатат дирилдеп!

(2018)


АРМАН ЖЫЛ

Акыретке акыр барар жол болуп,

алмустактан адамзаты ой-жоруп.

Өмүрүмдүн өрүн көздөй баратам,

өлүм барын ойлобойм деп, ойлонуп!

Аткан таңга, баткан күнгө тигилип,

аалам менен ширелишип, биригип,

канат керип караан болор жылдарга,

канымда ойнойт, кумары күч тирүүлүк.

Кеч билипмин, бөксө кайра толбосун,

ким жаңылып, жаш кетет деп ойлосун.

Жан сыздатып, шыбак басып мүрзөңдү,

жалгызсырап жатасыңбы жан досум?!

Биз агылдык, бир дайранын шарында,

бүлбүл этип, журттун намыс-арында!

Түйүнү көп тирүүлүккө туу болуп,

турдуң эле кечээ эле жанымда.

Эркелетип уул-кызыңды ойнотуп,

эриккенде суунун жээгин бойлотуп,

жолуң турчу бейтаанышка суналган,

жолуң турчу досторуңа жолдотуп.

Кудуретиң жарык күндүн табындай,

кусалантып мени күткөн айылдай.

Бул тирүүлүк өтөт экен жылт этип,

бул тирүүлүк ырдын күчтүү сабындай!

Тиктей берип чыккан күндүн батканын,

туталанып туруп көздү жаштадым.

Ушул күндөр кайтып келбейт сагынтып,

ушул өмүр бар болгону каш кагым.

Эртели-кеч эсимдесиң, ойдосуң,

эңшерилип, муңдун кайрыйм толгоосун!

Жанып оттой, бул жарыкты сүйчү элең,

жалгызсырап жатасыңбы, жан досум?!

Мен да отурам акыретке жол болуп,

төгүлдүк да, чайпалдык да, толбодук!

Өмүрүмдүн бийигине баратам,

өлүм барын ойлобойм деп, ойлонуп! 

(2018)


БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР

Байыркы кыргыздар,

бактысын тоолордон табышкан.

Кайгырса манасты угушуп,

ооруса манастан айыккан.

Көчмөндөр-байыркы, эзелки,

көз жумса жылдызга жаны учкан!

Күү чертип, ыр ырдап келишкен,

илегин Ай, Күнгө телишкен.

Тулпардын үстүндө туулуп,

тулпардын үстүндө өлүшкөн.

Түштөрүн жакшыга жорушкан,

тоолорун душмандан корушкан.

Баатыры капыстан окко учса,

бапестеп балбал таш коюшкан.

Китебин таштарга жазышкан,

кайып ак, дүйнөнү ачышкан.

Коргогон тоо, суусун касынан,

кылычтын мизинен басышкан.

Тогуздап бабедин жасашкан,

акырет арбакка аташкан.

Комуздун күүлөрү төгүлгөн,

кайтканда уулдары казаттан.

Жол чалып, көзгө атар мергендей,

жабыгып, кыйналып сермелбей.

Жерди, элди жан кыйып коргогон,

жоосуна укумдай жер бербей!

Келди эле өзөндөй агылып,

келди эле согулуп, кагылып.

Тарыхтан жоюлуп, табылып,

теңирге таянып, жалынып.

Айыкпай, Манас көз жумганда,

акшумкар учкандай сабылып!

Байыркы кыргыздар,

тулпарын жанындай сактаган.

Урпакка манасты мурастап,

улууга акарат айтпаган.

Теңирин туу тутуп, ыйыктап,

тоо, суусун башка элге сатпаган!

(2018)


ҮШҮГӨН ҮЙ

Ал учурда үйлөр алды саналган,

түшчү эмес, эл оозунан, баяндан.

Кыйын күндө караан болор киши жок,

кышта бир үй үшүп турат агарган!

Үшүп турат, терезелер, каалгалар,

тээ өткөнүн билген көрсө таң калар.

Ушул үйдүн ырыс куту төгүлүп,

ээси бир кез бар бактысын жандаган.

Үшүп турат, адам өңдү үрпөйүп,

үстү жука, кабак-кашы бүркөлүп.

Боройлогон канча кышты өткөрдү,

тагдырына бирде көнбөй, бир көнүп.

Ак саамайлуу канча жылдар саналды,

албууттанган тосту бороон, шамалды.

Акыретке кеткен эле ээлери,

аппак шыбы карайгандан карайды.

Жалгыз уулу кеткен бойдон келбеди,

жалгыз кызы башка жерди жердеди.

Жаркыраган көп үйлөрдүн жанында,

жалгыз үйдө жарык күйбөй ээндеди.

Кезегинде бакыт турчу байырлап,

короосунда кайың ырдап, тал ырдап.

Кадырлашып келген, кеткен үзүлбөй,

коломтонун оту турчу жалындап.

Ар бир жазда алма тегиз гүлдөчү,

эрке кызы, тентек уулу бийлечү,

Көктөм алып келип жаткан куштарды,

карап турчу тегиз болуп дүйнөсү.

Ырыс-кешик алып келчү таңдар ал,

алганына ак сүйүүсүн арнап ал.

Теребелин чыгарчу эле көркүнө,

терезеде гүлдөй аппак пардалар.

Андан бери жылдар өтүп зуулаган,

короо-жайды чөп басыптыр куураган.

Таштап кетпей жазда салган уясын,

таранчылар дубал боюн кырдаган.




Кан жолума чындыгымы сыйдырып,

качанкы бир кайтпас күндү ыр кылып.

Кышта бир үй мени дагы үшүттү,

карап турсам көздөн жашым кылгырып!

(2018)


ТОГУЗ ТОЛГОО

Күүсү калды канча жылдын, канча айдын,

кеч күздөгү жалбырактай саргайдым.

Эргүүм келбей калган кезде картайып,

ыр жазалбай калган күнү чарчаймын.

Ыр жазылбай калар балким, жазылбай,

ыраак кетип сенин жарык атыңдай.

Ал кайтпас күн, ыйлап жазган ырларым,

айтып турар чындыгымды жашырбай!

Чындыгымды, бир кылымды терметип,

чырак болуп жанып турар келбесим.

Жалынын да, бакытын да буйруду

жалган өмүр бербейт экен, бербесин!

Карегиңде канча жылым кулаган,

данегиңден өсүп, өнүп уланам.

Жылды узатып аткан күнү кейисем,

жылды тосуп алган күнү кубанам.

Өткөн жылда болду кайгы, арманым,

өткөн жылы жакшылыкты жандадым.

Өйдөлөтүп, өргө тартып жолумду,

өзүң болдуң караан тутуп кармарым.

Өзүң экен өмүрүмдүн уңгусу,

ыйык туттум анан жазган ырды ушу.

Канча жылым болсо алдыда мен көрөр,

коштоп келсин кубанычы да, муң күүсү.

Эңсегенде эңсегеним келбеди,

эркелерде жолум сенсиз ээндеди.

Жарык кылып, буйруп койгон жылдарда,

жол көрсөтөр чоң энемдин төлгөсү.

Ак тилегим жүрөгүмдө, кош колдо,

караан кылар өзүң барсың кошторго.

Кейип туруп, эски жылды узатып,

кубанамын жаңы жылды тоскондо!

Бир кайрыгы коштойт жылдын, канча айдын,

бул сапардан жолум болбой кайтармын.

Эргүүм келбей калган кезде картайып,

ыр жазалбай калган күнү чарчаймын!

(2018)


****

Көзүмдөн жалын учканда,

Көңүлдү термеп бешиктей,

Күндөрдү ачып эшиктей,

Алдыма келип элесиң,

Айланып кетем куштарга.

Санаанын сары жоолугун,

Саамайың менен булгалап,

Турасың жолго чакырып!

Ырлардай өмүр аты улук,

Ырлардай көңүл көтөрдүң.

Жалбырак болуп дирилдеп,

Жолуңа түшүп бириндеп,

Жарыктан бир күн көчөрмүн!

Качанкы сырың козготуп,

Күлкүңдү саамга токтотуп,

Жазууңдан бир кез өчөрмүн.

Тагдырым матап, кысканда,

Тарыса ушул  кең аалам,

Таңдайга тамып сен анан,

Алдыма термеп ал жазды,

Айланып кетем куштарга!

(2018)


***

Бир токтоп, кайра бир агып,

Булуттай каалгып чубалып.

Келгеним – жарык аппак таң,

Кеткеним – доорлор мунарык!


Кайрак таш десем, бүлөөдүр,

Кайгырып турсам күнөөдүр.

Жамгырдай тунук, таптаза,

Жашыңдай ачуу бул өмүр.


Айдыңым алыс гүл өнгөн,

Кайрыгым жанда сүйөнгөн.

Таптаза кардай чындыгым,

Төгүнүм асман түнөргөн.


Көңүлдө эргип миң санат,

Көгүмдө ак куш бир барат.

Акырет кетсек эрте, кеч,

Аппапак калар бир барак.


Көңүлгө даба бир эмиң,

Өмүргө казык билегим.

Томуктай булут болсо экен,

Тоолорду сүйгөн жүрөгүм!


Ырларга өмүр тиледим,

Ырларда жалын, жигерим.

Аппапак булут болсо экен,

Асманды сүйгөн жүрөгүм!


Кайгырып, кайра кубанып,

Кылымдар менен бир агып,

Келгеним – жарык аппак таң,

Кеткеним – доорлор мунарык!

(2018)


***

Бир өңүрү, карегимди талытса,

Бир өңүрү бул өмүрдүн жарык да.

Уят кылбай, туум болуп балдарым,

Жарап берер бекен ырлар намыска!


Чыдап берер бекен алоо жүрөгүм,

Чындыгыма көк асманды тиредим.

Ыйманыма камчы чапса жалганым,

Ырлар болду эңсегеним, билерим.


Көкүрөгүм көөнөрбөгөн көл көрөт,

Кыялымда адам өлбөс өңдөнөт.

Алыстагы жазды эңсеп ашыгам,

Алганымда пенделиктен өйдөлөп.


Бир гана эмес, миң өмүрүм барчылап,

Бакыт турат таңдайыма тамчылап.

Көңүлүмдү каяккадыр жетелеп,

көкөлөтүп ак булуттуу таң турат.


Билигимди балбылдатып көктөм жер,

Бир күнү үйгө келүүчүдөй кеткендер,

Түндө туруп, түйшөлөмүн жол карап,

Тулкума бүт батып кетип өскөн жер.


Күнгөйү да, тескейи да, жарык да,

Качандыр бир кеткенимде алыска,

Уят кылбай, атакелеп  балдарым,

Жарап берер бекен ырлар намыска?!

(2018)


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер