Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө

Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө

31-октябрь, 12:40
299 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде белгилүү скульптор Заур Хабибулиндин 85, эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган “Жолдо” (“Идущий”) деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Ачылышында К.Жусубалиев өзү да келип катышты.

Көргөзмө Заур Хабибулиндин Жусубалиевге арналган “Жолдо” эмгеги менен аталган. Скульптор 1937-жылы Россиянын Красноярск аймагында туулган. Окуу жайды бүткөндөн кийин Кыргызстанга келип иштеп, бир топ эмгектерин жараткан. Ал 1988-жылы Бишкекте каза болгон.

Көргөзмө 29-октябрдан 15-ноябрга чейин уланып, анда Кубатбек Жусубалиевге арналган белгилүү скульптор жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Бул аптада эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өтөт. 1-ноябрда Бишкектеги Франциянын Борбор Азияны изилдөө институнун кинозалында (17:00) жазуучунун жубайы, кинорежиссёр, маркум Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу тасмалары көрсөтүлмөкчү. Бул тууралуу жазуучунун кызы Жамбы Жусубалиева билдирди. Ошондой эле 10-ноябрда (14:00) улуттук китепканада К.Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романынын экинчи басылышынын бетачары өтөт. 17-ноябрда (09:30) улуттук илимдер академиясында “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер