Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин кол коюлган документтердин тизмеси

Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин кол коюлган документтердин тизмеси

07-февраль, 17:03
2 744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

-- Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

-- 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

-- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

-- Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык комитети менен КЭР улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

-- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Циндао шаары (Кытай Эл Республикасы) менен Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер