Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак айылында кой чарбасы пландалууда...
Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак айылында кой чарбасы пландалууда...
17-январь, 18:47

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылында муниципалдык кой чарба түзүлөрү маалым болду. Бул тууралуу Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы Эрлан Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, «Арашан» породасындагы жана гиссар койлорун сатып алууга 1 миллион 850 миң сом каралды.
«Айыл аймак деңиз деңгээлинен 3500-3700 метр бийиктикте, чек арага жакын жайгашкан. Андыктан алыскы аймакка киреше алып келип турсун деп чарба уюштуруп жатабыз. Ага 150 баш кой алынды. Койлорду караган бир үй-бүлө жумуш менен камсыз болду. Аларга ат, ээр токум жабдыктары жана эки бозүй алынды» деди ал.
Учурда койлор Балыкчы шаарында багылууда. Жаз алды менен Ак-Шыйрак айылына алып келинет.
