Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » С.Жээнбеков, М.Абылгазиев, Д.Жумабековдун канча байлыгы бар экени ачыкталды

С.Жээнбеков, М.Абылгазиев, Д.Жумабековдун канча байлыгы бар экени ачыкталды

21-ноябрь, 22:11
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылга тапшырылган саясый жана мамлекеттик кызмат жетекчилеринин декларациясын жарыялады.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков 902 миң 785 сом иштеп тапкан.

Эскерте кетсек, өткөн жылы президент 890 миң 994 сом киреше алган.

Президент жеке мүлкү катары 23 жер тилкесин, 160 чарчы метрлик үйүн, бир тракторун көрсөткөн.

Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандары бир жылда 4,2 миллион сом акча иштешкен. 7 миллион сомдук ири мүйүздүү малы, Lexus-470 унаасы, 64 чарчы метрлик батири, 13 жер тилкеси бар.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 826 миң 461 сом иштеп тапкан.

Премьер-министрде кыймылсыз мүлкү жок. 52 жылкысы, 22 бодо малы, 524 майда малы бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кирешеси өткөн жылы 875 миң 784 сомду түздү. Анын 59,5 чарчы метрлик батири бар. Үйүн төрага 432 миң сомдук эмерек менен толтурган. Компьютер, ноутбуктардын баасы 237 миң 655 сом. Тиричилик техникасын 364 миң 445 сомго сатып алган.

Дастан Жумабеков 1 миллион 125 миң сомдук бодо малы жана 500 миң сом кой-эчкиси бар. Андан тышкары, жылкыларынын баасы 560 миң сомго барабар.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер