Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылат

«Биримдик» №1. Жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылат

24-сентябрь, 16:37
904 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» партиясынын үгүт кампаниясы Бишкек шаарында жүрүп жатат. Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Сауле Мейрманова Биринчи Май районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. Азыркы учурда эки башка көз караштын кагылышуусу болуп турат. Бир тарабы баардыгын сатып жана сатып алса болорун эсептешет, экинчи тарабы ыймандуулук менен жоопкерчиликке ык алгандар. 

Сауле Мейрманова: «Менин «Биримдик» партиясынын катарына киргениме моралдык көз караштарым түрткү берди. «Биримдикте» дал ушу рухий акыл-эс баалуулуктарына басым жасалат. Кудайга шүгүр, бизнес өнүгүп жатат, ийгиликке жеткен адамдар көп, бирок адамдын табияты барынан өйдө турат эмеспи. «Биримдик» партиясынын башкы концепциясы бул адам экендиги, ушул жагы үмүт жаратат»-деди.  

Азыркы учурда дүйнөдө ар кандай интеграциялык процесстер кызуу жүрүп, Кыргызстан да андан обочолонуп калалбаган шартта «Биримдик» партитясы сунуш кылып жаткан багыты реалдуу. «Буга жашоонун өзү түртүп жатат, бул багыт менен жеке биз эле бараткан жокпуз»,-деген талапкер, «Биримдик» идеялары, философиясы жана бекем ишеними менен баратат» деп кошумчалады. Мейрманованын сөзүнө караганда, бул эӊ негизгиси. 

Биринчи Май районунун тургундары менен болгон баарлашууда «Биримдик» партиясынан талапкер Нуржан Тынымсеитова мамлекеттин функциялары жана шаардын муниципалитети тарабынан аткарылган иштер туурасында айтып берди. Ошону менен бирге эле Бишкектин инфраструктурасын өнүктүрүү, транспорт жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча суроолорго жооп берди. 

Партиялык уюмдун лидери Марат Аманкулов партиянын артыкчылыктуу милдеттери, демократиялык социализм идеясы жана түшүнүгү боюнча шайлоочуларга маалымат берди. Марат Аманкулов партиянын программасынын өзөгүн жарандардын укуктары менен экриндиктерин коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу түзөрүн белгиледи. 

Депутаттыкка талапкер Рыспек Тойбеков өз сөзүндө евразиячылдык жана демократиялык социализмди өнүктүрүү маселелерине токтолду. 

Биринчи Май районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда “Биримдик” партиясынын башкы максаты жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылуу, эркин өнүгүүсүнө жетишүү, жарандарыбыз камтама болбой, бакубат жашай турган социалдык мамлекетти куруу экендигине басым жасалды.  


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен, финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер