Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев болбой калды. Милицияны булгады...

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев болбой калды. Милицияны булгады...

10-апрель, 21:30
925 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезитинин мурдагы сандарында жазылган: Свердлов РИИБнин эки участковыйы 13 жашар кызды алмак-салмак зордуктап жүрүшкөнү, акыры энеси билип калгандан кийин чатак чыгып, бирок коомчулукка ачыктабай бас-бас кылышканы боюнча. Эки милиция камалып, кийин үчүнчү зордукчусу да кармалыптыр. Ошентип, жашы жетелек өспүрүм кыздын тагдырын талкалашты. Натыйжада, мыйзам алдында кандай жооп беришери белгисиз, же “карга карганын көзүн чокубайт” таризинде бошоп кетишеби?.. Мындан сырткары, жакында Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалды. Айтор, кайсы районду караба, милиция элдин укугун коргобой эле өздөрү кылмыш жасап жатышат гоЭмне үчүнСебеби, “балык башынан сасыйт” деген кеп бар. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев өздүк курамды башкара албай, мукурап калса, анан ээнбаш формачандар билгенин кыла берет да, туурабы? Иштин көзүн билбесе, тажрыйбасы жетпесе, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болгону ушулбу? Жигиттик намысы менен арызын жазып, кетип калбайбы? Же ага да жарабайбы? Түшүнүксүз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер