Нарынбек Молдобаев: “Кыргызстанды өнүктүрүүгө бери дегенде жылына 20 млрд. доллар керектелет”


-- Учурда валютадагы туруксуздуктан эл кыйналууда. Акча алмаштыруучу жайларда доллар жок. Элдин иши доллар менен жүрүп калган. Бул абалдан чыга алабызбы? Элге ыңгайлуулук кантип жарата алабыз?
-- “Кыргызда эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын өлөт” деген макал бар. Ошол кара чымын биз болуп жатабыз. Украина менен Россия келишпестиги, таасири бизге да тийүүдө. Баары саясатка байланыштуу. Саясат туура жүргүзүлсө экономика да ордунда болот. Жылыш болот. Батыш өлкөлөрү санкция жарыялаганына байланыштуу доллар көйгөйү жаралды.
Жакында эле Москвага барып келдим. Ал жакта доллар 52 рубль деп турат. Айрым жерлеринде 45-48 рубль болуп калыптыр. А жерде долларга эч ким кызыкпаганы менен биздин – Кыргызстандын экономикасы баары долларга байланышкан. Мисалы, биз кийим-кечени Кытайдан же Түркиядан алып келебиз. Аларга доллар жок болсо эмнени алып барабыз? Учурда доллар бир дагы акча алмаштыруучу жайларда жок. Банкта жок. Банктар 100 доллардан ашык бербейт. Анан биздин турмушубуз, өлкөбүздүн соода балансы импорт менен экспорт теңме-тең болуп турушу шарт. Бизде импорт көп болуп жатат. Күнүмдүк тиричиликке керектүү техникалардын баарын эле сырттан ташыйбыз. Өзүбүз чыгара элекпиз. Тыштан алып келгенибиз менен алар биздин сом менен иштешпейт экен. Мисалы, бирөөлөр сыртка чыгып эс алам десе акчаны кайдан алып кетет? Сомду эч ким кабыл албайт. Ушундай көйгөйлөр жаралууда. Макул, доллар жаман экен, анда бөлөк валютаны ойлоп таап киргизбесе, эл аралык соода маселеси экономикага түздөн-түз терс таасирин тийгизе баштайт. Ушул көйгөйдү өкмөт туура жолго салса абдан жакшы болмок.
-- Бүгүнкү кадрлар, экономика, электр энергия, айыл чарба багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге кандай пикирдесиз?
-- Сөзсүз түрдө иштеп жаткан адамды “жаман” дегендер пайда болот. Бизде “Камбар-Ата–I ГЭСи кошуна Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен биргеликте курулат” деп жатат. Бул абдан жакшы. Үчөө биригип курганы мага абдан жагат. Бөлөк жолу да жок. Өзүбүз кура албайбыз. Абдан чоң каражат талап кылынат. Ортодо суу маселеси чечилбей, уруш-талаш чыгып кетүүдө. Биз суулардын баарын аларга сатып жиберсек, кышында Токтогул ГЭСи сууга толбой, электр энергияны аргасыздан бөлөк жактан сатып алат экенбиз. Жаңы ГЭС курулса бери дегенде 5 млрд. куб суу болот. Биз аны иштете берсек, андагы суу барып Токтогул ГЭСине чогула берет.
“Кошуна өлкөлөр басып алат” деп чочулашат. Кантип биздин ГЭСти басып алсын? Алып да кете албайт. Аны бирдикте үч мамлекет иштетет. Талаш-тартыштын баары тең кетет. “ГЭСти эки мамлекет биригип салалы, ошондо ар бирибиз 33%дан ээ бололу” деген келишим менен салынса жакшы болмок.
Баардык жерге кесибине ылайык профессионалдар келбей жатат. Айыл чарба жааты бүгүнкү күндө начар эле абалда. Өзүбүздө өстүрүлгөн азыктарды сыртка сатып жатабыз. Мисалы, “Таласта жердин шордуулугу мындай. А жерге бул өсүмдүктү өстүрүү ыңгайлуу” деген жол көрсөтүү жокко эсе. Бизде дыйкандар өз арбайын өздөрү согуп, ар кандай аракеттерин көрүп келишүүдө.
Союз учурунда 1 млрд. 200 млн. тонна эгин чогултчубуз. Өткөн жылы араң 300 млн. тоннага жетиптир. Мурункунун төрттөн бир бөлүгү эле болууда. Айыл чарбаны, өндүрүштү өйдө көтөрсөк, элибизди токчулукта багып алмакпыз.
Азыркы учурда өтө керектүү 9 азык-түлүктүн үчөө эле өзүбүздөн өндүрүлөт экен. Жадагалса өсүмдүк майын өндүрө албай көз каранды болуп калган соң, министрлик эмнени ойлонуп жатат? Ушундай ойго кептелем. Күндөн күнгө азык-түлүк коопсуздугу күч алууда. Буга айыл чарба министрлиги түздөн-түз жооп бериши керек эле. Ал адамды суракка алуунун ордуна, президиумга отургузуп сыйлап эле жатышат. Мындай абал менен өлкөбүздүн эртеңи кандай болот?
-- Элдин бийликке болгон ишеними жоголуп бараткан жокпу?
-- Азыр кимди алып келип президенттикке койбойлу, Кыргызстанды оңдоп кете албайт. Ал келип тууган, тааныш-билиштерин кызматка койгуча эки жыл өтөт. Эки жылдан кийин элдин ишеними кете баштайт. Кыргызстанды оңдоого чоң суммадагы каражат, бери дегенде жылына 20 млрд. доллар керек. Ошондо өлкөбүздү өнүктүрүп, алдыга жылдырсак болот. Ошондуктан биринчи кезекте экономиканы көтөрүүгө белсенели. Элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген бийлик гана тарыхта калат. Андыктан, бийлик эл үчүн иштеп, ар бир жаран дагы жоопкерчиликти сезе билсе, баарыбыздын максатыбыз Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталса, жаркын келечек алыс эмес.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











