Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ, ЖК депутаты: “98 уйгурдан табылган паспорттордун аягына жете элекпиз”

Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ, ЖК депутаты: “98 уйгурдан табылган паспорттордун аягына жете элекпиз”

17-ноябрь, 18:17
544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, криминалдык топтордун баш көтөрө баштаганы айтылууда. Улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерге баа берүүгө эмнегедир эч ким кызыкдар эместей...  

-- Ооба, кечээки Түркиядагы адам өлтүрүүгө катышкан (!) деп шектелип кармалгандардын паспорттору Кыргызстандыкы экени айтылып жатат. Буга окшогон окуялар мамлекеттин аброюна чоң шек келтиришүүдө. Премьер-министр Абылгазиев жеке көзөмөлгө алып, көйгөйдү чечпесе, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жакындан иштешпесе болбой калды. Бул факты биринчи эле учур эмес. Резонанс жараткан дагы бир окуя болгон. Эсиңиздерде болсо, Түркиядан уйгур улутундагы 98 адамдан Кыргызстандын паспорту чыгып, дүйнөгө “дүң” болгон. Ошонун иликтөөсүн Жогорку Кеңеш өкмөттөн сурап, алиге дейре аягына чыга элекпиз. Канча криминалдык топтордун мүчөлөрүнөн кыргыз паспорттору табылып жатат? Бул нерсе улуттук коопсуздукка коркунуч алып келет. Муну менен аёосуз күрөш жүргүзүү менен чечиш керек.

-- Өкмөт андан башка да иштердин өтөсүнө чыга албай жатпайбы. Коррупция жоголбой, тескерисинче күчөп жатканын моюнга алды. Эмнеге коррупция менен күрөшүүгө аткаруу бийлигинин чама-чаркы жетпей жатат деп ойлойсуз?

-- Коррупционерлерди кармап, камоо менен коррупцияны жоготуу мүмкүн эмес. Коррупция менен күрөш жүргүзүүдө көптөгөн аракеттер каралган. Бул илдет түгөнбөгөн, көп жылдап келаткан нерсе. Анын деңгээлин төмөндөтүү боюнча концепция иштелип чыгуусу керек. Көмүскө экономиканын деңгээли чоң болгондуктан, миллиарддаган долларлар ошол жүгүртүүдө болгондуктан, расмий экономикадан көмүскө экономика көп болуп жаткандыктан, өкмөттүн чама-чаркы жетпейт, алсыз болуп жатат. Иштей алышпаса, отставкага кетишсин, ордуна иштегендер келишсин. Маселени жакында көтөрөбүз.  


Дария БАЙКЕЛОВА

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер