Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Жол кире кымбаттаганын эл көтөрө албайт”

Балбак Түлөбаев: “Жол кире кымбаттаганын эл көтөрө албайт”

14-октябрь, 21:16
378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак Зырлыкович, жол кирелерди кымбаттатуу боюнча сөздөр кайра айтыла баштады. Бул канчалык орундуу?

-- Мен мэр болуп турганда 5 сомго кымбаттатып бергенбиз. Болду да! Улам-улам эле кымбаттата береби? Эл муну көтөрө албайт азыр. 15 сом деп башында сүйлөшкөнбүз. Эми дагы... Андай болбойт да! Убагында зарылчылык бар болчу. Көп жылдан бери жол кире дегеле кымбаттай элек эле. Азыр эми кымбаттаганына бир жыл боло элек. Уят да! Айткандарынын баарын жасап берип атабыз. Жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард сом бөлүп, электроавтобустарды, газоавтобустарды кредитке алып берсек, жеп салышыптыр. Башкы прокуратура иш козгоду. Мэр барбы, караш керек да! Быякта отуруп алып менин жаным күйүп кетет. Мындай болбойт да. Жанталашып, жаман-жакшы көрүнүп атып, өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш акча бөлүп берип атсак, тияктан кайра жеп атышат. Анан “тарифти көтөрөбүз” деп... Эмне, элдин канын соргон жатышабы?

-- “Бензиндин, солярканын баасы өстү, айлыктар көбөйдү” деген жүйөнү негиз кылып жатышат...

-- Көп болсо бир элүү тыйын кошо тур да, жаныңар чыгып баратса. Элди да ойлош керек да. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин эле айлыгы көтөрүлдү. Калганы ошол эле бойдон. Баалар болсо өсүп атат. Маршрутка айдагандар унчуккан жок, мэрия өзү эле демилге көтөрүүдө. Кредиттерди жаба албай жатсаңар, анын башка жолдорун издегиле! Бош жаткан жерлерди бергиле бизнеске. Катып, пара алып жүргөн жерлерди ачыкка чыгарып, ошолордун ижара акысын көбөйткүлө. Болбойт да мындай. Башка булактарын издеш керек!

-- Автобус, троллейбустардын паркын жаңылоо эмне себептен кечеңдөөдө?

-- Алып берип атпайбызбы. Электоравтобустарга 50 млн. доллар бөлдүк. Ошолор келсе маршруткалар өзүнөн-өзү сүрүлүп чыгат да, этап-этабы менен. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер