Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болливуд жылдызы 4 миң студентти Кыргызстандан алып кетүүгө убада берди

Болливуд жылдызы 4 миң студентти Кыргызстандан алып кетүүгө убада берди

15-июль, 20:43
809 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индиялык актёр, модель жана продюсер Сону Суд коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандан кете албай калган 4 миңге жакын индиялык студенттерди алып кетүүгө убада берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, студенттер өкмөткө кайрылып, белгилүү инсандарга социалдык тармак аркылуу Кыргыз өлкөсүнөн алып кетүүнү суранып кат жазышкан. Социалдык тармакта алардын өтүнүчүнө жооп берген Болливуд жылдызы Сону Суд жакын арада мекендештерин мекенине кайтарууга жардам берери боюнча убада берген.

"Үйгө кайта турган убакыт келди, бардыгын үйгө кайтаралы. Мен сиздерден дуба кылууну суранам. Бул Кудайымдын жардамы менен жакында ишке ашат. Менин кийинки максатым" деп жазган ал студенттердин өтүнүчтөрүнө жооп берип.

Кыргызстанда Индиядан келген 4 миңден ашык студент коронавирус пандемиясынан улам мекенине кайта албай калышкан. Көпчүлүгү чек ара жабылганга чейин үйүнө кайтууга үлгүрүшкөн эмес. Студенттер Кыргызстанда жашоо үчүн акча каражаты жок калгандыгын айтышкан.


“Супер”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер