Гүланда Исабекова: “Медина неберемдин Дамира Ниязалиевадай болуусун каалайм”
Пенсионер, Көк-Жар жаңы конушунун тургуну менен маек.
Кеңсебизге Гүланда апа кайрылды. Аманат кебин орундатып, гезит бетинен орун берүүнү эп көрдүк.
Дамира Ниязалиевага каалоо!
Берешен болсоң элиңе,
Билимдүү бойдон каласың.
Белгилүү болсоң жашоодо,
Жараткан берет ошондо.
Боорукер болсоң башынан,
Боордоштор көп болот.
Көп болгондо элиңден,
Бата алганың төп болот!
Айылыма барганда Дамира Ниязалиева жөнүндө көп угам. Аябай боорукер жана берешен жагын айтып түгөтө алышпайт. Далай элге жардамын аябай, ар дайым элдин чордонунда. Чындыгында Дамира айымдан ашкан чиновник, бай депутаттардын далайын көрдүк. Канчалаган гектар жерлерди ээлеп алып, карапайым элге 4 сотых жерин бергенге ыраа көрбөйт. Дамира айым, ар дайым ушунуңуздан жазбаңыз. Элдин батасын алып жүрө бериңиз. Ден соолукта болуңуз.
Жүрөгүм менин (неберем) Медина!
Кереметтүү келишкен,
Жаркылдаган периштем.
Дамирадай болсун деп
Жараткандан тиленем.
Жаркылдап такай сен жүрсөң,
Жүрөгүм дайым ордунда.
Оорубай жүрчү периштем,
Медина менин неберем!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити