Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Аляева: “Медицинада менеджмент түшүнүгү боюнча маданият жок”

Динара Аляева: “Медицинада менеджмент түшүнүгү боюнча маданият жок”

12-февраль, 12:00
571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жардамдашуу оңой” фондусунун төрайымы менен маек.

-- Министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборундагы кырдаал боюнча кандай пикирдесиз?

-- Мага Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборундагы кырдаалга байланыштуу келип чыккан суроолор кызык болуп турат. Эмне үчүн директорлор, ооруканалардын жетекчилери кызматтарын дээрлик өмүр бою ээлешет? Медициналык мекеменин дарыгерин же жетекчисин ким башкарышы керек? Медицинада менеджмент түшүнүгү боюнча маданият жок. Биз муну үйрөтпөйбүз, кадрларды даярдабайбыз. Көбүнчө президенттердин дайындоочулары, достору, тааныштары, саясый элита директор, башкы дарыгер, саламаттыкты сактоо министри болуп калышат. Алар “крышасы” бар, акчасы арбын адамдар. Талант жана жөндөмдүүлүк жагынан сейрек.

Бөлүм башчылары, башкы дарыгерлери, ооруканалардын директорлору өмүр бою ушул кызматтарда отурушат. Анткени алар тендерге колдорун «топтоп», командадагы “аба ырайын” интригалар менен тең салмактап, ар кайсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, министрликке чыр-чатактарды «алып» келишет. 

Сиз алардын масштабын билгиңиз келеби? Райондук оорукананын бир бөлүм башчысын мисалга келтирели. Эки кабат үй, үйдө кызматчы, машине – бул врачтардын жарыбаган маянасы мененби? Эми бул мыйзамсыз кирешелерди миллионго көбөйтүп көрсөңүз, борбордун масштабы ушундай.

Бул абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Саламаттык сактоо министрлигинен көзөмөлчү функцияларын алып салуу үчүн саламаттык сактоо министрлиги медицина тармагында саясый ишмердүүлүк түзүүсү шарт. Кызматтар үчүн цивилизациялуу атаандаштык болот. Медициналык мекемелердеги иштин сапатын көзөмөлдөөнү көз карандысыз (биздин кландык системанын шартында мүмкүн болушунча) агенттикке өткөрүп берүү керек. Ооруканаларды каржылоо кызматтардын сапатына жараша болушу шарт, андан да жакшыраагы, мекемелерди эмес, бейтаптарды каржылоо зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер