Үзүрлүү эмгек, жемиштүү чыгармачылык
Бүт өмүрүн балдарга арнап, мектепте мугалим кесибин аркалап, билим берип, келечек муундарды тарбиялап өстүргөн, сөздүн чыныгы маанисиндеги мугалим деген ардактуу наамга татыктуу инсандардын бири Өзүбек Абдыкалыков. Анын окуучулары азыркы учурда ар кыл кесиптерде эмгектенип, тоолуу өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп жаткан кез. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” демекчи, Өзүбек Абдыкалыков каруусун казык кылып, эмгектенген билим очогу тынбаган педагогикалык изденүүлөрдүн, алдыңкы инновациялык тажрыйбалардын устаканасы болгондугу шексиз.
Мугалимге кам көрүп, кышкы отун-суусун камдап берип, светин бекер кылган, маянасын кызылдай акча менен төлөп, кадырлаган совет мезгилинде болсун, андан кийин жарыбаган айлык берип, четтен келген долбоорлордун негизинде мугалимдин укугун чектеп, окуучунун көзүн каратып, эси жок ата-энелерге кор кылган, билим берүү системасын талкалаган эгемендүүлүктүн оор жылдарында көп мугалимдер мектепти таштап базарга чыгып, бир даары Россияга иш издеп кеткенде да Өзүбек Абдыкалыков баардык кыйынчылыктарга чыдап, мектептин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, өзүнүн мугалимдик вазийпасын такыбалык менен аткарып, ар дайым педагог деген сыймыктуу наамды бийик даражада алып жүрдү. Жаңы заманда баалуулуктар алмашып, акча, байлык культка айланып, ыйман-ынсап тебеленип, криминалдардын, коррупционерлердин доору сүрө баштаганда да ал өз принцибинен тайган жок, көз боёмочулук иштерге аралашпай таза жүрдү, окуучуларды ак ниеттүүлүккө, чынчылдыкка, ыймандуулукка, боорукерликке тарбиялады. “Тарбиячы өзү тарбиялуу болууга тийиш” деп К.Маркс айткандай, өзүнүн нускалуу адамдык сапаттары, педагогдук ишине берилгендиги менен кесиптештерине да, окуучуларга да үлгү болду.
Бала кезинен куйма кулак, сөзгө үйүр болуп чоңойгон Өзүбек агай мурдагы Кыргыз мамлекеттик азыркы Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, кесибин туура тандап, 1981-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болуп, ошол жылдан тартып, Кочкор районундагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы мектепте эмгек жолун баштаган. Алгачкы агартуучу, өлкөбүздүн пайдубалын түптөгөн мамлекеттик ишмерлердин бири Ишенаалы Арабаевдин туулуп өскөн жериндеги мектептин азыркы учурдагы директору Нурбек Шарапидинов агайы тууралуу мындай дейт: “Өзүбек Абдыкалыков агайдын колунан айылдын балдарынын бир нече мууну окуган. Баардыгы агайды сыйлашат. Келип иштеп баштаган күндөн тартып мектеп турмушунда жандануулук башталган. Ал ишке дилгирлик менен киришип, кыргыз тили, адабияты сабагын жандуу өтүүдө алдыңкы педагогикалык усулдарды колдонуп, анын алдыңкы инновациялык жаңылыктары адегенде районго, андан кийин облуста өтүлгөн семинар-тренингдерде кеңири жайылтыла баштады. Балдардын көркөм чыгармага болгон кызыгуусун ойготуп, окуучулар Алыкул Осмоновдун поэзиясы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сырларын терең өздөштүрүп, адабий ийримдин иши жанданып, анын жетекчилиги астында “Темир канат” дубал гезити кызыктуу чыгып, окуучулардын шык-жөндөмү ойгонуп, чыгармачылыкка болгон аракеттери артты. Өзүбек агайдын демилгеси менен мектебибиздин тарыхы жазылып, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген ураан менен “Ардак такта”, “Эмгек ардагерлери” такталары илинди. Бул мектепте иштеп кеткен агай-эжелердин эмгектери бааланышы керек деген максатта уюштурулган. Андан кийин мектептин аскердик тарбия аянтчасын жасады.
Агайдын ушундай демилгечил аракеттери бааланып, директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп дайындалган. Ошондон тартып мектептин иши ого бетер алга жылды, уюштуруу иштери оңолду, райондо, облуста алдыңкы орунга чыгып, билим берүүнүн сапаты жакшырды. Жаңы усулдук кабинеттер жабдылып, иштеп баштады. Маселен, 1999-2000-жылдары “Манас залы” ишке киргизилди, андан кийин “Тарых, адабият, маданият залы” түзүлүп, кыргыздын сыймыгы болгон тарыхый инсандардын сүрөттөрү өмүр баяндары менен шөкөттөлгөн, андан кийин Улуу Ата мекендик согушка катышкан, майданда курман болуп кайтпай калган айылдын кулундарына арнап “Эрдик залын” түзгөн. Ушул иштердин баардыгы жаш муундарды элибиздин эски, жаңы тарыхын терең билүүгө багытталган концептуалдуу иштер өтөөсүнө чыкты. Көрсө, агайды шыктандырган идея болгон экен. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы Н.Гумилев атындагы Евразия университетине орхон жазууларынын эстелигинин көчүрмөсүн акчанын көзүнө карабай миллион долларга япон адистерине жасатып орноткон экен. Бул кабарды уккандан кийин агай уктабай калыптыр. “Жаш муундарды тарых тарбиялап, калыптандырат” деп күнү-түнү тынбай жанын сабап иштеп, ушул көрсөтмөлүү, мазмундуу кабинеттерди өзүнүн каражатына жасабадыбы! Мындай эрдик ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ушуга улай эле “Эл журтуңдун салтын бил, эне тилиңдин баркын бил” деген теманын алдында элдин үрп-адатын, каада-салтын чагылдырган “Улуттук педагогик залын” түзгөн. Андан кийин кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган усулдук кабинетти уюштурду. 2013-жылы республикалык кароо-сынакта жеңүүчү болуп, “Жылдын мыкты мугалими” диплому менен сыйланган.
Билим берүүгө өмүрүн арнаган агай ушул көзгө толумдуу иштерди бүтүрүп, бирок эч жерде “жасадым” деп айткан жок. Эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин да мектеп менен байланышын үзбөй, тажрыйбалары менен бөлүшүп, керек учурда колкабыш кылат. Ал жакында эле улуттук агартуучулуктун алгачкы карлыгачы, өзүбүздүн айылдын кулуну Ишеналы Арабаевге арналган кабинетти жасалгалап, түзүп берди” деп мектеп жетекчиси сөзүн бүтүрдү.
Өзүбек Абдыкалыковдун жаш муундарды тарбиялоодогу сиңирген эмгеги жогору бааланып, билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйланган. Айылдын эли да ак эмгеги менен кадыр-баркка ээ болгон мугалимдин эмгегин баалап, элет китепканасына Өзүбек Абдыкалыковдун атын ыйгарышкан. Мектепте 38 жыл иштеп, келечектин ээлери болгон жаш муундарды тарбиялоого өмүрүн арнаган Өзүбек Абдыкалыков “Дөң-Алыш айылынын, Кочкор районунун жана Нарын облусунун ардактуу атуулу” деген сыйлуу наамга ээ болгон.
Өзүбек Абдыкалыковдун билим берүүгө, жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы өзүнчө бир баа, ал эми балдар адабиятына жасаган эмгеги өзүнчө кеңири сөз кылууга арзыйт. Ошентсе да биз Өзүбек агайдын чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз кылууну туура көрдүк. Ал изденүүлөрүнүн жемиши катары “Адамдарга кайрылуу”, “Кырк жетинчи чакырым” жана “Турмуш кайрыктары” ырлар жыйнактарын чыгарган. Анын китептери тууралуу академик Абдылдажан Акматалиев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Чыманов, фиолология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан, белгилүү журналист жана жазуучу Мундузбек Тентимишевдер жылуу пикирлерин айтышкан. Ушунун өзү эле Ө.Абдыкалыковдун адабиятка кошкон салмактуу салымын ырастап турат.
Өмүр бою балдар менен иштеп, алардын жандүйнөсүн жакшы билген Өзүбек Абдыкалыков чыгармачылык менен алектенип, бөбөктөр үчүн ырларды, аңгемелерди жазып келатат. Балдар турмушун, дүйнө таанымын чагылдырган “Уя” аңгемелер жыйнагы менен 2013-жылы сынакка катышып, байгелүү орунга ээ болгон. “Уя” аңгемесинде Осмон аттуу элеттик баланын табиятка жакын болуп, ар дайым канаттуулардын уясына кам көрүп, жайлоого чыкканда да ал уяга көз салып, басса-турса оюнан чыкпайт, баланын ушул абалын автор “Болбосо, түнкүсүн төшөктө жатып алып, “балапандар коркуп жатышат го” деп санаа тарта берчү уктаганча. Бөтөнчө түндөсү катуу жаан жаап, чагылган караңгы түндү жара бөлүп тургандагы коркунучтуу түндөрдө балада көпкө чейин уйку жок болот. Кокус энеси суу болуп үшүп, чыдабай уядан учуп кетсе байкуш балапандарга эмне болот? Чагылган “жарк” этип, күн катуу күркүрөгөндө энеси жок, суу болуп, уяга жабышып, корккон балапандар көзүнө элестегенде, Осмон коздөрүн бекем жумуп, бүрүшө калат. Кыялында азыр барып уялардагы балапандарды чогултуп келет да, эртеси күн тийгенде кайрадан таратып салып келет. А кокус бир уянын балапанын башка уяга салып, алмаштырып алса эмне болот (?) дейт экинчи бир ою. “Башка балапан экенин ушул чымчыктар билип коюптурбу?” дейт кайра өзүн алаксытып. “Чын эле чымчык энелер уясындагы бөлөк балапан экенин билип коюп, бакпай коюшса, бүт балапандар өлүп калабы?” деп чочуйт, көзү умачтай ачылып”. Бул баяндоодон балапандарды ойлогон баланын жандүйнөсүндөгү процесстер психологиялык жактан таамай кармалган. Басса-турса оюн балапандар ээлеген баланын жаан-чачындуу күндөрдө кызыл эт балапандарды ойлоп, санаасы санга бөлүнөрү бышык эмеспи. Автор ушул абалды чеберчилик менен бере алган. Көркөмдүк жагынан чебер жазылган, терең тарбиялык мааниси бар аңгемелерге Ө.Абдыкалыковдун “Уя” (2021) жыйнагындагы “Актөш”, “Чучук”, “Көгүчкөндөр”, “Өтүнүч”, “Тартма-Көлдөгү тагдыр” аңгемелерин да киргизүүгө болот.
Өзүбек Абдыкалыков балдарга арналган ырлар жыйнактарын да чыгарып келатат. Ал “Өзүбүздү ырдайбыз” (2020) деген циклды улантып эки китеп чыгарды. Китеп аркылуу балдар канаттуулар, үй жаныбарлары, айбанаттар дүйнөсү менен жакындан таанышып, алардын ар биринин мүнөздүү белгилери, өзгөчөлүктөрүн:
Жабагымын мен азыр,
Кулун болом жакында.
Жарашыктуу өзүмө,
Көкүлүм бар башымда, - деген сыяктуу куюлушкан элпек ыр саптары менен бөбөктөргө жеткиликтүү кылып баяндап берет. Автор биринчи жактан сөз кылып, ырдын формасын жакшы тапкан. Ар бир айбанат, канаттуулар жатык, жөнөкөй тил менен балдар окуганда бөбөктөрдүн ууртунда күлкү пайда болгудай жумшак юмор менен өздөрүнүн мүнөздүү белгилерин, кылык-жоруктарын сыпатташат. Ушундай формалык табылганын натыйжасында автор жаныбарлар дүйнөсүнөн 56 элестүү образды түзө алган.
Азыркы ааламдашуу, санариптешүү заманы кыргыз сыяктуу аз сандуу элдердин тилинин, маданиятынын, адабиятынын сакталышына чоң суроолорду жаратууда. Колуна китеп кармабай, китеп эмне деген керемет экенин билбеген муун чоңоюп келатат. Бул көкүрөгүндө улуттук намысы бар ар бир кыргыз баласын ойлонтпой койбойт. Элдин келечегин ойлогон ошондой эр-азаматтардын бири – балдар жазуучусу Өзүбек Абдыкалыков. Ал бөбөктөргө арналган түстүү боёк менен тартылган сүрөттүү китептерин кымбатына карабай чыгарып, өзү элге таратып жүрөт. Анткени, келечек муун өзүнүн эне тилинде таалим-тарбия алып, дүйнөнү таанып билсин деген эле максат. Ошон үчүн ал жан тынымын билбей иштеп, балдарга арналган 8 китеп чыгарды. Өткөн жылы “Балдарга табышмактар”, “Мен ким болом?” деген аталыштагы дагы эки китеби жарык көрдү. Бөбөктөрдү байкагычтыкка, тапкычтыкка үйрөтүп, сөз байлыгын өстүрүүгө багытталган бул китеп наристелер үчүн эң керектүү китеп. Ал эми мектеп окуучуларына арналган “Мен ким болом?” аттуу китеби тестиер балдарга 30 кесиптин сырларын, өзгөчөлүктөрүн үйрөтүп, багыт берет. Күлгүн курагын келечек муундарды тарбиялап, билимин, күч-кайратын мектепке жумшап, жаш өйдөлөгөндө да элдин руханий турмушун байытам деп чаалыкпай тер төгүп иштеп жаткан калем кайраткери болгон айгайга чыгармачылык жолунун байсалдуу болушун каалайбыз.
Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты
"Азия Ньюс" гезити