Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант Мамытов кызматтан кетиши боюнча үн катты

Талант Мамытов кызматтан кетиши боюнча үн катты

12-октябрь, 18:34
256 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Талант Мамытов журналисттерге төрагалык кызматтан эмне себептен кеткенин айтты. "Парламентке эки ящик автомат алып келишти. Ал убакта чек арада абал оор болчу. Мен жооп ала албаган көп суроолор болду. Мыйзам чыгаруу органынын башчысы катары мен парламент алдында жооп берем. Мага керектүү жоопторду албагандан кийин, мен ушундай чечимге келдим" деди Талант Мамытов. Ошондой эле ал паламентке эки ящик автоматтын кириши боюнча дагы үн катты. "Жетекчи катары мага чек арадагы окуялар боюнча маалымат берилет деп айтышкан, бул жашыруун мүнөзгө ээ. Мен автомат алып келерин билген эмесмин" деди Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы. Эске салсак, Талант Мамытов кызматтан 5-октябрда өз каалоосу менен кеткен.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер